www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан улам Баткендеги чек арада чыккан кагылыштан жабыркагандарга жөнөтүлгөн гуманитардык жардамды кабыл алып, бөлүштүрүү боюнча жумуш тобу түзүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков билдирди.

Анын айтымында, жумушчу топтун курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, активисттер жана ыктыярчылар кирген.

Гумжардам төмөнкү алгоритм боюнча бөлүштүрүлөт:

ӨКМдин өкүлдөрү келип түшкөн жүктөрдү арыздын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берет;

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жумушчу топтору (акимдер, мэрлер) гуманитардык жардамды айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрүнө өткөрөт;

Соңунда айыл өкмөттө түзүлгөн жумушчу топ жергиликтүү элге тамак-аш жана эң керектүү буюмдарды бөлүштүрөт.

"Гуманитардык жардам бөлүштүрүлгөндөн кийин ар бир жумушчу топ ал кайсы айылга, канчасында берилгенин, которулган жардамдын көлөмү жана канчасы калганын жазып, протокол түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Соңку маалыматтар боюнча, Баткен облусуна 1 053 тонна гуманитардык жардам жеткирилди.

Последние новости