www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия-Украина согушун токтотууда Түркия Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин сактоонун негизинде гана аракет кылат. Бул тууралуу Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган кечээ, 20-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Анын айтымында, Түркия пандемия жана климаттын өзгөрүшүнө байланышкан көйгөйлөрдө гана эмес, Орусия-Украина согушунан келип чыккан соккуларга каршы күрөштө да өзүн көрсөтө алды.

«Украинадагы жаңжалдын биринчи күнүнөн тарта, башкача айтканда, 7 айдан бери биз согушта жеңүүчү жок, адилеттүү тынчтыкта ​​жеңилүү жок деген ой менен иш-аракет кылдык», — деди Эрдоган.

Бүгүн дүйнө башынан кечирип жаткан кризистин чечилишинде диалог жана дипломатиянын маанилүү ролуна басым жасаган президент Эрдоган, тараптарды алгач Анталия дипломатия форумунда, андан кийин Стамбулда бир дасторконго чогултканын эске салды.

Президент Эрдоган Украинадан Босфор аркылуу чыгып жаткан эгин жүктөлгөн кемелердин сүрөтүн көрсөтүп, мындай дейт:

«Башкы катчы менен биргелешкен аракетибиздин натыйжасында биз украин данынын Кара деңиз аркылуу дүйнөгө жетүүсүн камсыздадык. Бул өнүгүүнү камсыздаган Стамбул келишиминен бери эки ай өттү, жүк ташуу жакшы экенин байкоого кубанычтабыз. Күндөн-күнгө ылдамдап баратат. Бул акыркы жылдардагы эң чоң жетишкендиктердин бири. Мындай ийгилик дүйнө жүзүндөгү эл аралык коомчулуктун БУУга болгон ишенимин жаңылады. Стамбул келишими сүйлөшүүлөрдүн маанилүү маселелер боюнча жыйынтык бергенин далилдеди», - деди Эрдоган.

Мамлекет башчысы Запорожьедеги атомдук электр станциясындагы кризиске да ушундай эле мамиле жасоого болоорун айтып, бул бүткүл адамзаттын коопсуздугу үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.

«Украинанын аймактык бүтүндүгүнүн жана көз карандысыздыгынын негизинде соңку согушту токтотуу үчүн күч-аракетибизди арттыра беребиз.

Эл аралык уюмдарды жана бардык өлкөлөрдү Түркиянын туруктуу тынчтыкты орнотуу аракетин чын жүрөктөн колдоого чакырам. Биз эки тараптын тең кризистен татыктуу чыгуусуна шарт түзө турган акылга сыярлык, адилеттүү жана ишке жарамдуу дипломатиялык чечимди табышыбыз керек», - деди Эрдоган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости