www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы жардам көрсөтүү штабына Баткен облусунун 380 жашоочусу кайрылган. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 145 адам Таш-Дөбө айылындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык акалемиясынын жатаканасына 145, №1 жатаканага 30 адам жана дагы 150 адам жардам берүүнү каалаган ыктыярчылардын үйлөрүнө жайгаштырылды.

“Алардын барына психиологиялык жана медициналык жардамдар көрсөтүлдү жана ысык тамак-аш жана суусундуктар менен камсыз болушту”, - деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы кайдыгар эмес жарандарга, андан тышкары Баткен облусунун тургундарын жайгаштырууга жардам берип жаткан ыктыярчыларга ыраазычылыгын билдирет.

Эске салсак, 14-17-сентябрда Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана калктуу конуштарына кол салган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн чыккынчылык менен пландалган аскердик басып кирүүсүнүн натыйжасында 59 адам мүрт кетип, 198и жарадар болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости