www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев УКМКга суракка чакырылды... 

Кечээ "Батуми" ресторанын Бишкектин вице-мэр Нурдан Орунтаев башында туруп буздуруп салган. Ээси миллиондогон каражат сарпталганын айтып, ар бир мыгы керектигин түшүндүрүп, бузуп кетүүгө үч күн убакыт суранганына карабай, чырылдап ыйлаганына маани берип, боор ооруган жан болгон эмес. Бул жагдай коомчулукта чоң резонанс жараткан. 

Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев “Батуми” рестораны бузулган жерге келип, имараттын бузулганынын мыйзамдуу жагын текшерип, эгерде бузуу мыйзамсыз болсо, анда бардык күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартууну тапшырганын мүлктүн ээлери билдиришкен. 

Андан соң ресторандын ээси Кадича Бечелова жактоочулары менен Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаевдин жана башка муниципалдык кызматкерлердин үстүнөн арыз жазуу үчүн УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгына барышканы маалым болгон.

Мына ушул ишке байланыштуу, вице-мэр Нурдан Орунтаев УКМКга суракка чакырылганы белгилүү болду. Атайын орган кандай чечимге келет, жакынкы убактарда билинет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости