www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда милиция кызматкерлери үчүн терроризмге, экстремизмге каршы күрөшүү боюнча семинар-тренинг өтүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Өлкө аймагында өтүп жаткан «Экстремист» ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө 24-майдан 27-майга чейин Жалал-Абад облустук милициянын кызматкерлери үчүн «Коомчулук арасында экстремизмди жана терроризмди алдын алууда укук коргоо органдарынын ролу» аттуу темада семинар-тренинг уюштурулууда. Бул иш-чара ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын демилгеси боюнча LEICA долбоорунун алкагында Европа Биримдигинин колдоосу менен өтөт. Ага эл аралык эксперттер катышууда.

«Милиция кызматкерлери үчүн “Коомчулук арасында экстремизмди жана терроризмди алдын алууда укук коргоо органдарынын ролу” аттуу темада туруктуу кызматташтыкты жана маалымат алмашуу каналын бекемдөө, аны өркүндөтүү, облус аймагындагы күч түзүмдөрү ортосунда терроризмге, экстремизмге каршы аракеттенүүдөгү кызматташуунун негизги багыттарын аныктоо жана коомчулук арасында экстремизмди, радикализмди алдын алуу иш-чараларын жакшыртуу максатында уюштурулду», — деп айтылат маалыматта.

Аталган семинар-тренингде кызматкерлерге «Кыргызстандагы диний радикалдашуунун алгачкы белгилери жана аларды алдын алуу», «Экстремисттик жана террористтик уюмдардын, материалдардын коркунучтары, өзгөчөлүктөрү», «Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты» аттуу темалар боюнча атайын даярдалган слайддар аркылуу баяндамалар жасалып, видеотасмалар көрсөтүлгөн.

«Ошондой эле, алар экстремисттик, террористтик жана деструктивдүү көз караштагы диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө жол бербөө максатында жалпы коомчулук менен биргеликте иш-чараларды жүргүзүү багытында практикалык жардамдарды көрсөтүү тажрыйбаларын бөлүштү», — деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости