www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарында «Акыркы коңгуроо» аталышында рейд уюштуруп жатышат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Бишкек шаардын чыгыш жана кириш жактарына атайын күзөт посттору орнотулуп, өспүрүмдөрдү ташыган унаалар текшерүүлөр жүрүүдө.

Мектеп окуучулары жүргөн унаалар аныкталган жерлерге мектеп мугалимдери жана ата-энелери чакыртылып түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Анткени бүтүрүүчүлөр майрамдык маанай менен атайын унааларды жалдашып, эс алуучу жаратылыш жайларына, түнкүсүн кафе, клуб, ресторандарга чогулуп, ичимдик ичип, унаа башкаруу менен ар кандай мыйзамсыз иштерге баруу коркунучтарды алдын алышууда. 

Рейддин максаты жаш өспүрүмдөрүнүн жол-транспорт кырсыктарына кабылуусун алдын алууга багытталган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости