www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-майда Орусиянын Ленинград облусунда жайгашкан өндүрүш аянтчасындагы жарылуудан үч киши каза болду. Бул тууралуу "Мегаполис" басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, жарылуу Новосергиевка айылында катталган. «Дидал-СК» ишканасынын аймагындагы ширетүү иштеринин жүрүшүндө сууда калкып туруучу көпүрө жарылып кеткен.

Жыйынтыгында Өзбекстандын 41 жаштагы, Санкт-Петербургдун 37 жаштагы жана Тажикстандын 50 жаштагы тургундары каза болгон.

Мындан тышкары дагы эки тажикстандык жумушчу оор жана бир кызматкер жеңил жаракат алганы кабарланды.

Болжолдуу түрдө жарылууга жаңы боёктун бууланышы себеп болгону айтылууда. Бул окуядан кийин укук коргоо органдары «Курулуштагы жана башка тармактардагы коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости