www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев президент Садыр Жапаровдун уулунун атын жамынып, өзгөчө ири өлчөмдө мүлктүк пайда алуу үчүн “Батуми” кафесин мыйзамсыз бузууну уюштурган. Бул тууралуу адвокат Кайсын Абакиров Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, муниципалитеттин башчысынын орун басарынын мыйзамдуу негиздери жана кафени бузуу боюнча соттун чечими болгон эмес.

«Эстаунд» ЖЧКсы тарабынан эч кандай мыйзам бузуулар болгон эмес, бардык уруксат документтери, анын ичинде Бишкек Главархитектурасынын 2021-жылдын 2-мартындагы №993 токтому менен бекитилген архитектуралык-пландоо жана инженердик спецификациялар бар. Ижара келишими боюнча 2004-жылдан бери жергиликтүү бюджетке 339 миң 300 сом жер салыгын төлөп келген, ал эми 19 жыл аралыгында жер участогун ижарага алып, жергиликтүү бюджетке 7 млн ​​сомго жакын каражат түшкөн», — деп жазды жактоочу Кайсын Абакиров.

Ал белгилегендей, 2021-жылдын май айынан бери кафе өз жүгүртүүсүнөн 300 миң сом, бул жылына 7,5 миллион сомго жакын акчаны жергиликтүү бюджетке төлөгөн.

«Мыйзамсыз бузуудан кийинки алдын ала материалдык чыгым 9 млн сомго жакын. Бардык уруксаат кагаздары бар экенине жана кафени бузуу боюнча соттун чечими жок экенине карабай, вице-мэр Нурдан Орунтаев мэриянын жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлерин тартуу менен кафени мыйзамсыз бузууну уюштурган. Муниципалитеттин 2023-жылдын 17-майындагы каты гана бар, анда Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына объектти демонтаждоо маселесин иштеп чыгуу тапшырмасы берилген, бирок бул документ бузууга негиз болуп саналбайт», — деп жазган юрист. 

Анын айтымында, адвокаттар Нурдан Орунтаевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы, өзгөчө ири өлчөмдө башка бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышкан.

Эске салсак, бир күн мурун борбор калаанын Жал кичи районунда шаардык кызматтар "Батуми" кафесин бузушкан. Тамак-аш пункту Тыналиев көчөсүндө жайгашкан, анын жалпы аянты 1,3 миң чарчы метрди түзөт. Мэрия «Эстоунд» ЖЧКсынын жер тилкелерине ижарага укук берүү боюнча комиссиянын чечими менен ижара келишимин узартуудан баш тартылганын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости