www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия Украинада атайын операция жүргүзө баштагандан тартып аны колдогон өнүккөн өлкөлөр көбөйдү. Бул тууралуу британиялык Economist Intelligence Unit (EIU) компаниясынын отчётунда жазылганын "Известия" басылмасы билдирди.
"Өткөн жыл ичинде Россияга ыктаган өлкөлөрдүн саны 25тен 36га өскөн", — деп жазылат маалыматта.
Анда Россиянын башка өлкөлөр арасындагы кадыр-баркы дипломатиялык иш-аракеттеринин күчтөнүшүнөн улам өсүп жаткандыгы, ал эми батыш державалары Кремлге каршы тура турган абалда эместиги белгиленген.
Отчётто Москва бир жыл ичинде Африка, өзгөчө Түштүк Африка Республикасы, Мали жана Буркина-Фасо менен ымаласы жакшы болду.
"Россияны колдогон өлкөлөрдүн ичинен эң маанилүүсү — Кытай. Бирок башка өнүгүп келе жаткан өлкөлөр, тактап айтканда, Түштүк Африка, Мали жана Буркина-Фасо дагы ошол топко кошулду, анда дүйнө калкынын 33 пайызы жашайт", — деп жазылган отчётто.
Мындан тышкары, Россиянын Африкага таасири өсүп жаткандыгы, мурда Батышка көбүрөөк ыктаган өлкөлөр Россияны колдобогон мамлекеттер деген категориядан нейтралдуу деген категорияга ооп кеткендиги белгиленген.
"Мурда Батыш менен байланышта болуп келген бир катар Колумбия, Түркия жана Катар нейтралдуу позицияга өтүштү. Бул өлкөлөрдүн өкмөттөрү эки мамлекет менен тең иштешип, экономикалык пайда көрүүгө аракет кылууда", — деген EIU.
Россияны жактырбай сындап келген өлкөлөрдүн саны 131ден 122ге кыскарган.