www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жашоодо аялзатына акын болуш кыйындыр. Ал эми турмуш сынында мокоп калбай, оор кырдаалда белди бекем бууп жашоо кечирүү андан да оор. 90-жылдары кыргыз поэзиясына "жарк" этип өзүнүн өзгөчө стили менен келген Мадина Тураеваны Н. Байтемиров, Б. Сарногоев, С. Эралиев, Р. Рыскулов сыяктуу алп акындар "поэзиянын ханышасы" деп аташчу экен. Кезегинде дүйнө тааныган Айтматов акын кыздын поэзиясын жогорку деңгээлде баалап калганы да жөн жерден эместир. Мадина Тураеванын буга чейинки чыгармачылык жолу тагдырынын бир гана үзүмү, бир гана тамчысы деп билели. Акындын жаза турган ырлары али алдыда.
Акын Мадина Тураева:
“Биз өмүргө бир келген жолоочубуз, өткөн күндөр кайрылгыс жоготуубуз...”
- Өмүр - жашоодо колго комуз алып, эл алдына чыкканда күүгө келтирип черткен комуз сыяктуу. Сиз ошол күүнүн сырын тапкандайсызбы?
- Өткөндү көп эстебей калган үчүн,
Келер күндү көп ойлоп жашайм бүгүн.
Бир жараатым азайса жүрөгүмдөн,
Бир жаңы ырга көбөйүп чыгат үнүм.
Өлгөн сайын көмүлө берген сүйүүм,
Толуп кетти мүрзөгө бу жүрөгүм.
Ырларыман шам жактым ар түн сайын,
Жарык кылып турсун деп жүрөк –көрүн.
Ташка баалап алтынын жүрөгүмдүн,
Арзан саткан достордон көөнүм калган.
Ичтен үрүп сыртынан калптан күлгөн,
Жалган достон мага артык жалгыз калган.
- Жалгыздык сөзүн улай, аялзатынын жалгыздыгы өзүн-өзү табуу жолубу же ..?
- Бийик болуп өзүмдөн айткан сөзүм,
Жашап жүрөм эл болуп жалгыз өзүм.
Ырдап бермек эле ким мендей болуп,
Ырдабасам эгер мен өзүмдү-өзүм.
Тазарат дейт күнөөсү сүйгөн жандын,
Мен эч качан өзүмө күнөө артпадым.
Ыр кирген соң башкага орун бербей,
Жүрөгүмдү ичинен култтап алдым.
Жалгыздык бул жанына энчилеген,
Алда кимдин а көрсө бактысы экен.
Эркин болуп жүргөнчө жаман менен,
Туткунунда жакшынын жүргөн кенен.
- Искусствонун кайсы тармагын албайлы профессионалдар четте калып, "халтурщик таланттар" роль ойноп жаткандай. ..
- Аз өмүрдө көңүлгө тийип бүттү,
Көбүк ырлар чубурган ооз учунан.
Сезилбейт же алардын толкун күчү,
Бороон сокпойт күрүлдөп ыр сабынан.
Калеминен акындын суу тамчылайт,
Учкун чыкпайт жылтылдап көзгө урунган.
Башы ырынын бет алдынан караса да,
Буту артына бурулган баса турган.
Беттеп урган өмүрдү бороону жок,
Анык турмуш акында болбосу чын.
Кайдан жүрүп ырлары оттуу болмок,
Табылса ал жүрөктөн күлгө толгон
- Билбей жүрөм кандай заттан бүттү экен,
Бизди тууган энелердин жүрөгү деп Байдылда акын айткандай эне жүрөгү сиз үчүн...
- Жаштыгымды өз билгендей чапкылап,
Жүрөгүңдүн ай-талаасын чаңдаттым.
Аскасына камап коюп азаптын,
Менден жүргөн көчкүлөргө каптаттым.
Карегиңден сел жүргүзүп канча ирет,
Канча ирет кайгы менен жаа тарттым.
Ошондо да, сен кебелип койбостон,
Жүрөгүңдү бута кылып карматтың.
Жаштыгымдын туягынан от жанып,
Жүргөн жерден от чыгарып, от чачтым.
Көп учурум махабатка алаксып,
Ырларыма сен кечигип баш бактың.
Тагдырыңдын таш кесесин кемирип,
Тагдырыңдын суу кесесин шимирдиң.
Ошондо да кабак-кашым дебестен,
Турмушуңду отто отуруп кечирдиң.
Бир дагы жан билбейт мени сенчелик,
Сендей болуп түшүнө албайт мени эч ким.
Курбалымсың - жаштыгыма сырдашкан,
Акынымсың - өмүрүмө ыр жазган.
Канышасың аптапка бай аймагың,
Күңгөйүңдө жуушап өттү жаш чагым.
Сен бар үчүн адам сүйүп өмүрдө,
Сен бар үчүн келет менин жашагым.
Ырларымдын көчүп түшүп шыбагы,
Канча ирет пайдубалы кулады.
Сенин гана үмүтүңдүн колдору,
Көчүп түшкөн дубалдарын шыбады.
Сүйүү менен ооруп калып жүрөгүм,
Сүйүү менен дарыланып жүрөмүн.
Бирок дагы сеникиндей сүйүүгө,
Кудурети жетпейт бир да бирөөнүн.
Жок болсо да ак сарайым, алтыным,
Бүт дүйнөдөн, бүт ааламдан мен баймын.
Менин дүйнөм, менин мүлкүм, байлыгым -
Сенин апа тирүүлүктө барлыгың.
- Сиздеги поэзия мөңгүсүн элиңиз сагынгандай...
- Ыр жазалбай ооруп турам мен азыр,
Бир ырым жок татый турган таңдайга,
Тууздуу чөлгө гүл өспөгөн сыяктуу,
Шоордуу жаштан жакшы ыр өнмөк каяктан.
Ыр даарыбай көөдөнүмдү тытмалайм,
Көкүрөгүм уюк болуп кайгыга.
Өлүк бойдон ооздон түшөт ырларым,
Кепин кылып оройм сөөгүн кагазга.
Кайгы алкымдап бууп салган үнүмдү,
Тумчуктуруп таш тагдырым ыр оозун,
Көңүлүм суз, жүрөгүм ырсаптабай,
Кайгы болуп жакын көргөн жолдошум.
Динара Асылбекова
Булак: NazarNews.kg