www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батышчыл күчтөр Кыргызстанды жок кылууга активдүү киришип жатат. Алар, алгач ой жүгүртүү, булганыч агымдарды, кыргыздын улуттук баалуулуктарын, салттуулугун талкалап башташкан. Мисалы, 3 жылдан бери Бишкекте туруктуу гей-парад өтүп жатат, 8-мартта. Мурда бул күндү энелердин, эже-карындаштардын майрамы катары билсек, эми гей парад өтчү күн катары таанып, ага дагы көнүп калдык.

2011-жылы биринчи жолу ЛГБТ (гей-лесбиянкалар) тууралуу “Азаттык” радиосу атайын ток-шоу алып чыккан. Батышчыл күчтөр “Азаттык” радиосу аркылуу маалыматтык чабуул жасап, элдин, жаштардын мээсине терс агымдарды орнотту. Мындай күчтөр биригип, ал тургай шайлоолорго дагы катышып, өздөрүнүн саясий командасын негиздеп алышты. 6-октябрдагы баш аламандыкты дагы алар себепчи болуп уюштурушкан, бирок өздөрүнүн күткөн жеӊишине ээ боло албай калышты. Эми ушул жаздын апрель айына кайрадан революция кылып камынып жатышкан. Шылтоосу – Райымбек Матраимов болчу.

Ар жуманын жекшемби күнү митинг кылып, акырындык менен даярдык көрүп жатышкан. АКШнын Кыргызстандагы элчиси дагы “жазда Кыргызстанда баш аламандык болот”-деп маек берип, элди жана өзүнүн тарапташтарын психологиялык даярдыкка багыттаган. Көчөгө чыгып жаткан “Азаттык”, НПО, ЛГБТ өкүлдөрү бүгүн дагы митинг уюштуруп, “Чек ара чечилсин”, “Дашков камалсын” деген жаӊы талаптарды айтышты. Биринчиден, көпчүлүгүн гейлерден турган, аскердик кызмат өтөбөгөн, чек ара кайтарып көрбөгөн бул топко чек ара, мамлекеттин бүтүндүгү өтө деле маанилүү эмес. Булардын эӊсегени шылтоо таап, Кыргызстанда баш аламандык жаратуу, өздөрү бийликке келүү. Чынында кайсы чек ара аймагында чыр чыгып жатканы тууралуу өздөрү дагы маалыматы жок, зомби сыяктуу эле кыйкырып ажылдагандар.

Буларга Матраимов камалышы же эркиндикте болушу деле өтө кызыктуу эмес. Болгону өздөрүнүн максаттарын ишке ашыруу үчүн Матраимов аларга шылтоо үчүн гана керек болгон. Кыргызстанды жок кылууга аракет кылган күчтөр жок болушу керек же Кыргызстан Сириянын абалына туш болот. Эл тынчтыкты же батышчыл күчтөрдүн азгырыгын тандашы керек!

Ал эми тийешелүү органдар – ниети түз эмес бул топтогу агенттерге чара көрүп, катаал жаза берсе дагы эл нааразы болбос. Анткени Кыргызстандын тынчтыгы ар бир мекенин сүйгөн жаран үчүн абдан кымбат!

Толгонай Амирова, эркин журналист 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости