www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жамааты жана айыл тургундары оорукананы райондук оорукананын карамагына кошууга каршы. 

Маалым болгондой, дарыгерлер​ менен айыл тургундары саламаттык сактоо тармагында жүрүп жаткан оптимизациянын алкагында шаарчадагы оорукананы Жумгал райондук ооруканасына кошуу демилгесине нааразы.​

Эмчи айым Роза Абдраимованын айтымында, жолдун алыстыгы менен катаал шарттагы, уран калдыгы бар айылдагы оорукананы районго кошууга болбойт.

«Миң-Куш айылындагы оорукана түптөлгөнү башкы эмчи айым болуп эмгектенип келем. Ооруканада хирургиялык операциялар эле жасалбаганы болбосо, башка бардык кызматтар көрсөтүлүп турат. Кошулууга барсак кызматкерлер кыскартууга туш келет. Себеби алыскы аймакта башка иш жок. Бизде учурда 15 койка бар, дарыгерлер жетиштүү», - деди Абдраимова.

Көп жылдардан бери Миң-Кушта жашап айылдын түйшүгүн жакшы билген Канышай Баялиева айылда сакталып калган ушул көзгө басар оорукана экенин, миң-куштуктар өкмөттөн эч нерсе деле талап кылбай жашап келе жатышкандарын айтат.

«Бизде шүгүр, жаштарыбыз иштеп, жанданып баштады. Мурдагыга караганда үмүт бар. Бирок бизде жалгыз эле ушул ооруканабыз калды. Башка өнөр жай, завод, фабрикалар талкаланып, жок болду. Эми жолдун алыстыгын көрүп жатасыздар. Биз кошулууга каршыбыз», - деди Баялиева.

Мекеменин директору Олег Некрытов ооруканаларды оптимизациялаштырууга каршы эместигин, эгер ооруканалар жакын бир жерде жайгашса бириктирүүгө болорун айтат.

«Мен бириктирүүгө каршы эмесмин. Кошулсун райондун борборундагы 2 оорукананы кошсо болот. Бирок климаттык катаал шартын,​ тоолуу аймак жана жолдун алыстыгын эске алуу менен биздин оорукананы Саламаттык сактоо министрлигинин эле алдында калтыруу керек. Бизде учурда 38 штаттык бирдик бар. Анда 5 дарыгер 16 медайым иштейт.​ Ооруканада төрөт, жугуштуу оорулар жана терапия бөлүмү иш алып барат. Бөлүмдөрдө жалпысынан 15 койка бар. Жолдун алыстыгы сыяктуу толуп жаткан көйгөйлөргө карабай өмүр сакчылары айыл элинин саламаттыгына кам көрүп келебиз», - деди Некрытов.

Дарыгерлер, айыл тургундары жана айылдык кеңештин депутаттары Миң-Куш айылынын катаал шартын эске алуу менен айылдагы оорукананы райондук аймактык ооруканасына кошпой калтырууну суранып бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдошкон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости