www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аскердик кызмат учурунда эки колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаевдин иши кайрадан тергелет. Мындай чечимди Жогорку сот 19-февралда чыгарганын жоокердин кызыкчылыгын коргогон өкмөттүк эмес «Кылым шамы» уюмунун юристи Агзам Душеналиев айрым маалымат каражаттарына билдирди.
Анын айтуусунда Жогорку сот мындан тышкары Бишкек шаардык сотунун мурунку чечимин күчүндө калтырган.
Сот чечимине ылайык, Башкы штаб Руслан Сапарбаевдин үй-бүлөсүнө 950 миң сом протез үчүн, ал эми моралдык чыгым үчүн 50 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттүү. Сапарбаев соттун чечимине макул болбой, Жогорку сотко кайрылган эле.
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №30295 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүрүп токко урунуп, эки колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаев Башкы штабды сотко берип, 5,2 млн. сом төлөп берүүнү талап кылган. Анын ичинен 1 млн. сом моралдык зыян үчүн, 4,2 млн. сом жоокердин колунун ордуна салынуучу протез сатып алуу максатында суралган.
Руслан Сапарбаевдин кырсыкка кабылышы боюнча соттук териштирүү мурда да болгон. Анда аскердик бөлүктүн «Шалаакылык» беренеси менен айыпталган эки офицери үч жылга шарттуу кесилген. Сот чечиминин негизинде Башкы штаб Руслан Сапарбаевге бир жолку камсыздандыруу каражатын төлөп берүүгө милдеттендирилген. Башкы штаб ошондой эле жоокердин колуна протез сатып берүүгө убада берген.
«Кылым шамы» уюмунун маалыматы боюнча, мурда протезге деп берилген акчага жоокердин апасы жашай турган жери жок болгондуктан, үй сатып алган. Башкы штаб сотто жоокерге протезге акча төлөнүп берилгенин билдирүүдө.
Руслан Сапарбаев 2018-жылдын 8-августунда армиядагы нөөмөт учурунда токко урунган. Дарыгерлер ага эки жолу операция жасап, эки колун тең чыканагына чейин ампутация кылышкан.
Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка аскер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип, трансформаторго колун салып алганын билдирген.
Кыргызстандын аскер бөлүктөрүндө жоокерлердин өлүмү жана кырсыкка кабылган учурлары көп катталат.
2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. 2018-жылы 17 аскер кызматкери өз жанын кыйганы кабарланган. Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, өз жүйөлөрүн жана далилдерин келтиришкен.
Булак: NazarNews.kg