www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кеңешбек Айтикеев кыргыз элине Кайрылуу жасады

Урматтуу мекендештер!

Сиздер менен ачык кеңешким келди. Өлкөдөгү болуп жаткан окуяларга көз жүгүртсөң жүрөгүң шуу дейт, бири бирин жекирген, жамандаган, шыбаган, деги эле койчу жакшы сөз укпайсың. Деги биз кайда баратабыз?

Ушул оор кырдаалдан чыгуу үчүн мен сиздерге туура келеби, келбейби өз сунушумду айтайын дедим. 30 жылдан бери бири бирибизди күнөөлөп, жоктоп, боктоп келе жатабыз сен ичип койдуң, жеп койдуң деп, бирок ушул мезгилге чейин эч майнап чыкпады, кайра эле сазга батып баратабыз.

Азыр дагы кустурабыз, антебиз, минтебиз деп коомдо чуу болуп жатат. Биз кыргыздар тууганчыл эл экенбиз ысыгына да суугуна да чыдабайт экенбиз, бир нерсе болсо эле тазабы, таза эмеспи колдоп чыгат экенбиз. Кечирип койгула эгер туура эмес айтсам, бул жүрүш менен кыргыз эки бөлүнүп жакалашканга кетип жатабыз, келечеги жакшы эмес. Ошондуктан сиздерди чакырат элем ата-бабаларыбыздын жолун жолдоп, байлык колдун кири деп байлыкка көңүл бурбай элдин тынчтыгына, ынтымагына көңүл буруп, элибизде ынтымакты, биримдикти сактасак, өлкөбүздө жаңы тартип орнотуп жашоону ак барактан баштасак дурус болор эле. Өткөн, кеткен кемчиликтерди кечиришип, бир туугандай ымалага келишсек өлкөбүз өсүп өнүгөт эле. Келгиле туугандар өткөндөн сабак алалы, бири бирибизди кечиришели, оюбузду жакшылыкка буралы. Жашоодо эки эле нерсе бар жакшы нерсени ойлосоң жакшы нерсе жаралат, жаман нерсени ойлосоң жаман нерсе жаралат, ошондуктан жакшылыкка ниет кылалы. Бүгүн акыл, аң сезим өскөн коомдо жашап жатабыз, баарына көзүбүз жетип турат, эски адаттарды таштап, тирешкенди токтотуп, жаманыбызды жашырып, жакшыбызды чыгарып, жаңы ой, жаңы максаттар менен алга жылалы.

Кеңешбек Айтикеев, коомдук ишмер

Булак: NazarNews.kg

Последние новости