www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн саат 07:00дө Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылында селдин кесепеттерин жоюу иштери башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, аймакта 9 турак жайды, 1 социалдык объектини жана соода дүкөндөрдү сел каптаган. Таң эрте ӨКМден 77 куткаруучу тартылып, тазалоо жумуштарын башташты.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов тиешелүү жетекчилер менен жеринде көзөмөлдөө иштерин жүргүзүүдө

Жарандык коргонуу кызматтарынан техникалар тартылып, сел каптаган ички чарбалык жолдорду калыбына келтирүү жумуштары аткарылууда.

Мындан сырткары, селге аккан автоунаа ээлерин тактоо жана унааларын коопсуз жайга чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Белгилей кетсек, күн мурун, 23-июлда саат 18:30дар чамасында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Арстанбап айылынын ички жолдорун каптаган.

Последние новости