www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 23-июлда Арстанбапта сел жүрдү. Саат 20:50гө карата алдын ала маалымат боюнча, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында катталган селдин кесепетинен 1 оорукананы жана соода үйүн, 5 көпүрөнү, 1 чакырым ички чарбалык жолду сел суулары каптап, 23 жеңил унааны агызып кеткен.

Кырсык катталган жерге селдин кесепеттерин жоюу үчүн куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана техника тартылган. Мындан сырткары авариялык абалдагы электр энергиясын калыбына келтирүү иштери тиешелүү адистер тарабынан жүргүзүлүүдө. Жеринде Башкармалыктын башчысы, полковник Абдулнасир Закиров баштаган ыкчам топ тийиштүү иш-чараларды алып барышууда.

Последние новости