www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Селден жабыркаган кыргызстандыктар насыясын реструктуризациялоо (төлөө шарттарын жеңилдетүү) үчүн банктарга кайрылса болот. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматта кардардын кредитти төлөө шарттарын ыңгайлаштыруу үчүн карыз алган банкына арыз менен кайрылуу керектиги айтылат.

Улуттук банк бардык финансы-кредиттик уюмдар менен коммерциялык банктарды селден жабыркагандардын шартын түшүнүп, алардын реструктуризациялоо арызын артыкчылыктуу тартипте карап, кол кабыш кылууга чакырды.

Мындан тышкары, кардар өзгөчө кырдаал же өзгөчө абалдан улам банкка карызын 90 календардык күндөн ашык төлөй албай калса, бул маалымат ал жарандын кредиттик тарыхына терс көрүнүш катары киргизилбей турганы айтылды.

Эске салсак, 14-июлда Ош шаары жана Ош облусунда Ак-Буурадан суу ташып, сел каптап 1000ден ашык турак жай, социалдык инфраструктура, базар жабыркаган. Тилекке каршы, апаат беш адамдын өмүрүн алды. Андан мурдараак, 28-июнда, Ноокаттагы селден 10 кишинин өмүрү кыйылган. Ал эми 30-июнда Кара-Кулжада жаратылыштын бул кырсыгы төрт адамдын өмүрүн алып кеткен. Мындан тышкары, ӨКМ Жалал-Абадда бир жана Баткенде бир адам селдин курмандыгы болгонун билдирген.

Последние новости