www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик бажы кызматы контарбандага каршы күрөшүү бөлүнүштөрүнүн ушул жылдын 1-кварталына карата ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Ушул жылдын 1-кварталында бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүнүштөрү тарабынан 768 укук бузуу фактылары аныкталды, анын ичинен:

- Бузуулардын бирдиктүү реестрине 693 факты катталып, козголгон иштер боюнча 2,9 миллион сом суммасында айып өндүрүлгөн жана 13,7 миллион сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү төлөнгөн;

- Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 75 факт катталган жана 33,6 миллион сом суммасында келтирилген зыяндын орду өндүрүлгөн.

Бажы укук бузууларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында кошумча 26,3 миллион сом суммасында бажы төлөмдөр төлөнгөн.

2021-жылдын 1-кварталындагы иштин жыйынтыгы боюнча бюджетке кошумча түшүрүлөөрдүн суммасы 76,4 миллион сомду түздү.

Өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырмалуу бузууларды аныктоо 58% га жогорулаган, эгерде өткөн жылы 486 бузуу фактысы аныкталса, отчеттук мезгилде бул көрсөткүч 768 фактыны түзгөн.

Бюджетке кошумча түшүүлөрдүн суммасы 52,7 пайызга же 26,4 миллион сомго көбөйгөн, эгерде 2020-жылдын 1-кварталында кошумча түшүүлөрдүн суммасы 49,9 миллион сом болсо, отчёттук кварталда бул көрсөткүч 76,4 миллион сомду түзгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости