www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун Лейлек районунда баңгизатын алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине алдын ала ыкчам маалымат келип түшкөн. Маалыматтын чын-төгүнүн текшерүү максатында ыкчам иш-чаралар уюштурулуп, Исфана шаарында Х.Д. аттуу жаран кармалган. Анын кийип жүргөн кийимине тинтүү жүргүзүлгөндө, спорттук күрмөсүнүн сол чөнтөгүнөн 7 даана ширеңкенин кутучасына салынып даярдалган, жалпы салмагы 43,9 граммды түзгөн өзгөчө жыты бар күрөң түстөгү зат табылган.

Алынган зат соттук-химиялык экспертизанын корутундусунда гашиш баңгизаты экендиги аныкталган.

Бул факты боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Шектүүнүн жашаган турак үйүнө тинтүү жүргүзгөндө, чатырынан кара түстөгү баштыкка оролгон өзгөчө жыты бар 88 грамм зат табылган. Ал дагы гашиш экендиги аныкталган. Азыркы учурда шектүү катары кармалган Х.Д. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости