www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байден эмне үчүн Зеленскийди кабыл албай жатат?

АКШнын президенти Джо Байден украиналык кесиптеши Владимир Зеленский менен Ак үйдөгү Овалдык кеңседе жолугат, бирок жолугушуудан кийинки пресс-конференция америкалык лидердин графигинде жок. Бул тууралуу РИА Новостиге Ак үйдүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө АКШ президенти Зеленский менен "Орусиянын Донбасста жана Крымда болуп жаткан агрессиясына каршы Украинанын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн колдоосун" жана . энергетика жана Украинадагы реформаларды колдоо жаатындагы кызматташтык маселесин талкууламакчы.

Эске салсак, 31-августта Зеленский аялы Елена менен америкалык кесиптеши Джо Байден менен жолугушуу үчүн Вашингтонго учуп кеткен. Зеленский Украина менен АКШнын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн маанилүү маселелери талкууланат деген ишенимин билдирген.

Бул ортодо жолугушуу азырынча болор-болбосу арсар болууда. Анткени, Американын президенти Джо Байден буга чейин жолугушууну бир нече жолу кийинкиге жылдырып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости