www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аккардеонун колго алып обон созгондо бул мырзаны сүйүп тыңдап, ашык болгон айымдардын катары суулбайт. Карапайым калктын көңүлүнөн орун алган жөнөкөй, өзгөчө чыгармаларды аткарып жүргөн Бек Борбиев менен болгон маекке назар салыңыздар!
- Бек мырза, сиз кыргыз шоу-бизнесиндеги жаратман адамдардын бирисиз. Чыгармачылык эргүүнү кайдан аласыз?
- Кандай гана чыгармачыл инсан болбосун ага эргүү ар убакта кырдаалга жараша келет. Мен аткарган ырларымдын баардыгынын обону өзүмө таандык. Анын баардыгын бир убакта же бир күндө жазган эмесмин. Эргүү келген учурда жазгам. Жаңы обон чыгарсам, элге жете тургандай обон жаратам. Өзүм аткарган ыр купулума толбосо чыгарбай деле койгон күндөрүм болот.
- Сиздин ырларыңыздын көпчүлүгүн кайсы бир тагдырга жана каармандарга байланыштуу дешет. Буга кошуласызбы?
- Жок, кошулбайм. Жан дүйнөмдө эмне болуп жатса, анын баарын эле ырга сала бербейм. Ырларымда белгилүү бир каармандар жок. Кимдир бирөөнүн тагдырына да байлап ыр жазбайм. Айымдардын ысымдарына байланышкан ырларым тууралуу “Ал кыз ким эле? Кайсы каарман” деген суроолор бүгүнкү күндө деле бериле берет.
- Айымдарга арналган чыгармаларыңызды жаратууга кимди көз алдыңызга элестетесиз?
- Ар бир чыгармачыл адамдын жан дүйнөсүндө бардык жагынан төп келишкен кыялында элестеткен аялзаты жашайт. Турмушта өзүң жактырып калган сулуу кыздардын айтып бүткүс кооз сулуулугун көрө аласың. Ырлар жаралууда мына ошол айымдарды көз алдыма элестетем.
- Достукка бекемсизби?
- Достукту- жакшы мамиле, сый-урмат, бекем жана ыйык сезим деп билем. Мен жашоодо достукка абдан бекмин. Аны түбөлүк кылып сактаса болот. Бирок, дос досунан карыз албаса ортодогу мамиле эч качан бузулбайт деп эсептейм. Себеби, бул менин турмуштук практикамда болуп өткөн.
- Китеп окууга кызыгасызбы?
- Китеп окууга абдан кызыгам. Бош убактым болуп калса, дароо китеп окуганга аракет кылам. Буга чейин залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90% классикалык китептерин окуп чыккам. Толук окуй элек "Кассандра тамгасы" жана "Кылым карытар бир күн" романы калган. Аларды да аягына чыгаруу ниетим бар.
- Арыла албай жүргөн адаттарыңыз барбы?
- Мындай адаттар ар бир адамда болсо керек. Мен арыла албай жүргөн тамеки. Аны көп жолу таштагам. Алгачкы жолу тамекини 22 жашымда кызыгуу үчүн чексем, 25 жашымда дайыма чеккендердин катарын толуктап калгам. Андан бери тамекини таштап, кайра чегип алып эле биротоло арыла албай жүрөм. Эң узак убакыт 1,5 жыл тамеки чекпей жүргөм.
- “Тамекини таштоодо эң башкысы эрк”- деп айтышат. Сиздин эркиңиз жетпей койдубу?
- Бардык эркектер сыяктуу эле азгырылып кеткен учурларым болот. Эрким жок деп айта албайм. Себеби, эрким күчтүүлүк кылып азгырылбай турган убагым көп кездешет.
- Байкашымча, сиз абдан стилдүү кийинген ырчы мырзалардын катарын толуктайсыз. Ар дайым өзгөчө бут кийим кийип, сахна костьюмдарыңыз өзүңүзгө куп жарашып турат. Кийимге табитиңиз мыктыбы?
- Мага эскиче кийинген эч качан жакпайт. Заманга жараша кийим тандап кийгенди жактырам. Сахнадагы костьюмдарымдын баардыгы да классикалык стилде экенине эл күбөө. Кийим тандоодо кылдаттык менен мамиле жасап, көңүлүмө толбогон кийимдер болсо баш тартып, мага жага турганын издеп жүрө берем.
Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg