www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жалпы бөлүмүнүн жетекчиси жана КР Өкмөтүнүн өкүлү 19-апрель күнү Айгүл-Тоосуна чыгып, ал жакта гүлдөрдүн жулунуп жерде жатканын көрүп ыйгарым укуктуу өкүлгө тезинен билдирүү максатында гүлдөрдү алып келишкен. Облус жетекчиси ошол эле күнү Баткен райондук мамлекеттик администрация башчысы аким Кенеш Салихов, облусттук экотехинспекция башчысы Жамалдин Эшанкулов, Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Нурлан Бурханов жана областтык токой-чарба башкармалыгынын башчысы Абдыкалык Кимсанов менен ыкчам жыйын өткөрдү.
Жыйында тез арада окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп чара көрүүнү, Айгүл-Тоого келген тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана кароолчулардын ишин күчөтүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырды. Ошондой эле, жыйында мындан ары корукка мораторий жарыялоо керектиги баса белгиленди.
Андан сырткары, бийлик өкүлдөрү "Айгүл" гүлүн жулбагандыгын кошумчалады, жергиликтүү бийликтин басма сөз катчысы NazarNews.kg маалымат агенттине.
Булак: NazarNews.kg