www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Улуттук идеологияга өлкө башчысы басым жасашын талап кылышыбыз керек. Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев билдирди.

Улуттук идеологияга өлкө башчысы басым жасашын талап кылышыбыз керек.

Жакында бир чыгармачыл адамдардын отурушунда белгилүү бир өнөрлүү кыздын хиджаб оронгону жөнүндө сөз болуп калды. Арабыздагы таксыр инибиз:

- Ушул жүрүштө 10-15 жылда чыгармачыл адамдар баарыбыз сакал коюп, аялдарыбыз 100 пайыз оронуп калышат, - деди сыймыктана.

Мен бул темада көп сүйлөгөндү жаман көрөм. Бирок, улуу катары, ага жооп сөз айтышка туура келди:

- Алла буйруса, аны да көрөөрбүз. Бирок, мындай жүрүштө сага, мага, ошол кызга окшогон артисттер ал убакта болбойт. Анткени, биринчиден, концертке ким келет? Экинчиден, сенин ырларың, жазган музыкаң ал убактын мыйзамына туура келеби? Бул жагын дагы ойлонуп жүргүлө!

Андан сырткары дагы көп нерселерди сүйлөдүм.

Эң алгач, менин улутум - кыргыз, тутунган диним - ислам. 7 атам кандай болсо, мен дагы дал ошондой мусулманмын.

Чоң апам 14 жашымдан Куранды үйрөтүп, тарбиялаган. «Карапайым мусулман, жалпылап айтканда, 3 нерсени кылбаш керек» деп айтып калчу эле маркум чоң апам:

1) бирөөнү өлтүрбө, бирөөгө жамандык кылба!

2) калп сүйлөбө, ушактаба!

3) адал эмгек кыл, жакыныңды кара!

«Эгер дин кызматкери болом десең, анда жогорку окуу жайларда окуп, билимиңди терендет. Атайы алган билимиң болмоюн, бирөөгө дин жөнүндө акыл айтпа, күнөө болот» дечү чоң апам.

Бүгүнкү өлкө турмушундагы көрүнүш, чындап эле, коомчулукту чочулата баштады. Замандаштардын арасында ««Кыргызча кийин» деген сөздү айткандан коркуп калдык» дегендер андан көп.

Албетте, бул бир, же эки жылдын кемчилиги эмес. 30 жылдан бери идеологиясы жок өлкөнүн бараар жери ушул эле. «Арга жок, эми кеч болуп калды» деп, чет өлкөлөргө көчүп кетип жаткандарды көрүп атсаңар керек.

Орустар «Лучше поздно, чем никогда» демекчи, улуттук идеологияга өлкө башчысы басым жасашын талап кылышыбыз керек. Болбосо, 15 жылдан кийин артисттери жок өлкө болоорубуз айдан ачык, достор», - деп белгилеген ырчы Борбиев.

Эске салсак, 8-июнда Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын мектептеринде 2022-2023-окуу жылынан тартып диндердин өнүгүү тарыхы предметин киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости