www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Президент өзүнүн байлыктары боюнча маселеде ачык-айкындуулукту камсыз кылууга өзү кызыкдар болуп атканы көрүнүп турат. Бул боюнча кадамдарды да жасады. Башка саясатчылар мындай кадамга барышы керекпи?

– Бул маселе эчак эле көтөрүлгөн болчу. Чоң саясатта жүргөндөр декларация толтурушу керек. Кыргызстанда байлык менен бийлик бир тууган болуп калды. Ага өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп, миллиондогон байлык топтоп, азыр бизге акыл айтып жаткандар мисал боло алат. Ошондуктан саясатчылар президенттей болуп, алгачкы капиталын кантип тапканын ачыкташы керек. Коррупция, менчиктештирүүдө мамлекеттин мүлктөрүн тыйынга сатып алып байыгандар менен маңдай тери менен акча тапкандар бар. Көзү өтүп кеткен Табылды Эгембердиев чакалап жарма ташып жүрүп байлык топтогон.

– Буга чейин мамлекет башчысынын байлыктарына тиешелүү сумманы көрсөтүүдө президенттин маалымат кызматы бир аз жаңылыштык кетирип, бирок кайрадан тез аранын ичинде кечирим суроо менен оңдой алды. Бирок айрым оппозициялык маанайдагы адамдар бул катачылыкка чап кенедей жармашып, президент Алмазбек Атамбаевди “коомчулуктун башын айлантып атат” деп айыптагандарын токтото элек. Жаңылбас жаак болбойт эмеспи. Ушул нерсени уламдан-улам көкүтө берүү мындай адамдарга абийир алып келеби?

– Оппозициянын табияты ушундай. Алар бийликтин ар бир катасын чукуп турат. Ошондуктан бийликтегилер колдон келишинче катачылыкка жол бербеши керек. Албетте, кээде катачылык кетип калат.

Булак: Де-Факто

Последние новости