www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асманды кара булут каптап, теребел суз тартып турат. Бул көрүнүшкө куйрук улаш көңүлдү эзген шүүшүн кайгы көөдөндөн үшкүрүк менен кошо чыгып жатат. Жер кара. Дарактар эми гана бүчүр байлап баштады. Жаздын күнкү суук шамал сөөктөн өтө согуп, убайым өңдүү жанды кейитет.

Ал билинээр билинбес кайгы биздин кичинекей мамлекеттин эртеңки тагдыры да албетте. Кантип кайгырбайсың, эгерде мамлекеттин карызы 4 миллиарддан ашып ички дүң продукциянын 67 % түзүп атса, пайдасынан зыяны көп уюмга мамлекетибиз мүчө боло коюп элдин колундагы токочун алдырып атса. Бир тараптан орустар сыгып орусташтырып , экинчи тараптан исламдаштыруу айлабызды алты кетирип атса. Биздин өлкө оор өнөр жайы менен , кендерди иштетүүгө, тышкы саясатта өз алдынча башка мамлекеттер менен мамиле түзүүгө жана кыргыз идеологиясын түптөөгө акысы жок болсо кантип өкүнүп кайгырбайсың.

Бай миллиардерлерибиз болсо өтө көп, бирок бизнесинин негизги өзөгү Кыргызстанда эмес чет мамлекеттерде. Ушунун өзү эле көп нерсени айтып тургансыйт. Демек биздин өлкөдө абал туруксуз жана кийинки тагдыры белгисиз.

Мекенди коргой турган, мекен үчүн жан үрөп иштей турган жаштарыбызды болсо, жасалма жол менен мамлекетте жумуш ордун жок кылып, баарын талкалап , приватташтыруу деп отуруп колхоз, совхоз, завод, фабриканы жок кылышып, акыр аягында Россия менен эмгек келишимин түзүп ошол жакка кетүүгө аргасыз кылышты. Кендер, шахталар керектүү жабдыктары эшолонго жүктөлүп Россияны көздөй жөнөтүлүп, калганы сатылып, жабылып, жардырып жок болду.

Мындан 5 жыл илгери эле Кыргызстандын 350 000 миң жараны Россиянын жарандыгын алышкан, андан бери канчасы дагы алып Кыргызстанды таштап чыгып кетти бир кудай өзү билет. Эми ошолордун баары келеби кайра Кыргызстанга ?

Ошентип өнөр жайы бар , индустриалдык-агрардык мамлекетти эчтекеси жок жумушчу күчүн саткан, соода сатыгы да жарыбаган бечара мамлекетке улам, этап этабы менен айландырып жандары тынышты.

Материалдык байлыгыбызды талкалап чачып бүттү, эми руханий байлыгыбызга өтүштү. Биринчи кезекте

кыргыз деген атуулдук сезимди өчүрүш үчүн паспортубуздагы 5-графадагы улуту кыргыз дегенди алып салышты. Кыргызстанда улуттук теле каналда дээрлик берүүлөрдүн жарымынан көбү орусча болуп атат. Мамлекет диний уюмдардын ишмердигин такыр көзөмөлдөбөйт, медресе деген толуп кетти. Ал жерден биздин балдар кыргыз элинин тарыхына, тилине кайдыгер болуп тарбияланып, патриоттук сезими өчүп калган адам болуп чыгаары шексиз.

Эми баарын алдырсак да өзүбүздү алдырбайлы туугандар. Тилибиз үчүн, келечек муун үчүн, Кыргызстан үчүн каруубуз казык болгуча күрөшөлү ! Эркиндигибиз менен тилибизди, жерибизди сактап калалы ! Башка мамлекетке колония болуп түбөлүк кулга айланбай, кайдыгер болбой кармашалы жүзү кара бийлик менен ! Мына бул отурган бийликтин түпкү максаты ошого алып баратат туугандар !

Шамил Карабала уулу

Булак: "Фактор кж"

Последние новости