www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү журналист Бекен Назаралиев ушул жылдын июнь айында Беларусь Республикасына барып, өлкөбүздүн мурдагы Президенти Курманбек Бакиев менен жолугуп, маек алып келди. Бул маек учурда “Жаңы Ордо” гезитине сандан-санга жарыяланып жатат.
Мына ушул маек гезитке чыгары менен айрым басылмаларда, социалдык тармактарда Бакиевдин акталышы, анын сот жараянына онлайн катышуусу тууралуу талкуулар жүрүп, азыркы бийлик аны актоо аракетин көрүп жатат деген дооматтар да айтылып жатат.
Бекен Назаралиев менен жеке тааныштыгым бар болгондуктан анын Беларуска кандайча барганы мага да кызык болуп, суроомду узаттым.
- Бекен аке, социалдык тармактарды сизди Бакиевге азыркы бийликтин тапшырмасы менен барып маек алып келди. Аны актоо аракети башталды окшойт, - деген кептер тарап жатат.
- Мен азыркы бийликтегилер бийликке келгенге чейин эле бир нече ирет Бакиевге журналист катары барып, маек алып келген адаммын. Бул жолу дагы билетимден бери өзүм сатып алып, барып келдим. Бакиев бийликтен кеткенден кийин журналисттердин арасынан барып, жандуу маек алып келген мен болгом. Эч кандай жашырынбай, уурданбай эле журналист катары милдетимди аткарып, барып келдим.
Бакиевди биз азыр сындап жатабыз. Бирок, бир мезгил келет ал акталат. Мына Аскар Акаевди мен баш болуп туруп канча сындап жазып келдик эле, азыр өлкөгө ээн-эркин келип кетип жатат. Бакиев деле Кыргызстанга келет деген ойдомун. Мага берген маегинде айтып жатпайбы ал өзү эмне үчүн соттолгонун билбейт. Өкүм менен тааныша элек. Анан так маалымат билбегендер ар кандай сөздү айта беришет экен да. Мен Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен деле бул маселе боюнча сүйлөшкөн эмесмин. Алардан тапшырма алган да эмесмин.
- Сиз Акаев менен да ушундай маек уюштурган элеңиз?
- Аскар Акаевден маек алып келгенден кийин эле ал Кыргызстанга келди. Келип эле Талгарбековдун телефонунан мага чалып, “Бекен баатыр, ак жолтой экенсиң. Сага маек бергенден кийин эле артыңдан өлкөмө келип калдым. Бекен иним сен Раззаковдун сөөгүн Кыргызстанга алып келүү идеясын мага айтып, мен ошол кишини президенттердей сый-урмат менен жерге бердим эле. Ал идеяң үчүн да ыраазычылык билдирем. Ак жолтойсуң дегеним да ушундан - деди.
- Азыркы бийлик чын эле Бакиевди акташы мүмкүнбү?
- Эми жок. Акаев Кыргызстанга келип кеткенден кийин азыркы бийликке ушундай дооматтар коюлуп жатат. Эл эми Бакиев да акталат окшойт деп жатышат. Мына биз суктанган Лондондун соту Бакиевге коюлган күнөөлөрдү жокко чыгарып жатат. Бизден сырткаркы, көз каранды эмес эле сот. Анан эми Бакиев да өзүнүн укугун коргоого укугу бар да. Аны эч ким жокко чыгара албайт.
Бирок, ошол укук да берилбей жатпайбы. Бизде болгон мамлекеттик төңкөрүштү кимдер уюштурганы белгилүүда. Ошондо Атамбаев өзү миң адам өлсө да бийликти алабыз деп кыйкырып жүрбөдү беле. Тарых бардыгын ордуна коюп жатпайбы. Мезгил өзү кимдин күнөөсү канчалык экендигин көрсөтүп жатат. Мамлекеттик төңкөрүш мамлекетте экономикалык көрсөткүчтөр төмөндөп кеткен учурда, эл кыйналганда болот. А кезде экономикабыздын абалы жакшы болчу да.
- Ден-соолугу кандай экен?
- Жакшы жүрүптүр. Күндө спорт менен машыгып, бир нече чакырымга чуркайт экен.
- Сиздин маекти окудум. Туугандары тууралуу суроо узатпаптырсыз. Катышып турушат бекен?
- Ооба, мурдагыдай эле катышып турушат экен.
- Маектин видео версиясы барбы?
- Ооба, ынандырып тасмага түшүрүп келдик. Жакында аны да көрө аласыздар.
- Сиз дайыма мурдагы президенттерден маек аласыз. Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков менен маектешүү планыңызда барбы?
- Макул болушса маектешем. Журналист адам баарынан маек ала бериши керек. Алардын ким экенин мезгил өзү көрсөтөт. Бир убактарда Раззаковдорду кандай шыбашкан. Ал эми мезгил аларды бийик сереге чыгарып, актап койду.
Маектешкен Жазгуль Кенжетаева
Булак: NazarNews.kg