www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан 2026–2028-жылдарга карата Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (МАР) менен алкактык макулдашууга кол коюп, 1 млрд доллардан ашык көлөмдө кредит жана грант тартууну пландап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.
Парламентарийдин айтымында, каражаттар ири инфраструктуралык долбоорлорго, энергетика тармагына жана санариптештирүүгө багытталат.
Жалпы сумма 1,026 млрд долларды түзөт. Анын негизги бөлүгү – насыялык каражаттар. Акчалар «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга, кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүгө жана «Санарип Ордо» аттуу санариптик платформаны түзүүгө жумшалмакчы.
Мындан тышкары, ирригация, суу менен камсыздоо, санитария тармагындагы долбоорлорду каржылоо жана жакынкы үч жыл ичинде бюджетти жарым-жартылай колдоо да каралган.
Кредиттер 25 жылдык мөөнөткө, анын ичинде 5 жылдык жеңилдетилген мезгил менен берилет. Бул убакыт аралыгында мамлекет негизги сумманы эмес, пайызын гана төлөйт. Пайыздык чен жылына 1,5%ды түзөт жана ал Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын эсептик валютасы болгон атайын карыз алуу укуктарында (СПЗ) белгиленет. Кийин ал долларга жана башка валюталарга конвертацияланат.
Депутаттын баамында, жалпы пайыздык төлөмдөрдүн суммасы 150 млн доллардан бир аз ашат.