www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук агенттигине кезектеги кыскача маегин куруп Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышынан улам жаралган айрым кептер тууралуу бир катар суроолорго жооп берди.

 Айрым саясатчылар жана айрым аксакалдар менен айрым активисттер “Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев өлкөнүн келечеги үчүн мурдагыдай эле ынтымакка келиши керек” деген чакырыктарын жасоодо. Буга чейинки маегиңизде “дос бойдон кала беребиз” дедиңиз. Азыр деле ошол позициядасызбы?

 Ооба, ошол эле позициядамын. Мен табиятынан эле кандайдыр бир талаштуу маселелер жаралса, эч бир адам менен урушпай-талашпай эле сабырдуулук менен чечишип алганды жакшы көрөм. Дос бойдон кала беребиз. Бирок ал киши кандайдыр бир мамлекеттик кызматка келбейт. Дос эс алсын, ден соолугун карасын.

Тегерегидеги “ак сакал, көк сакалдардан” арылсын, тазалансын. Тергөө кызматы баарын аныктап, тазалап берет. Албетте, азыр ыракмат айтпайт. Капа болот. Бирок жылдар өткөндөн кийин “Досум сен ошондо туура кылыпсың” деп ыракматын айтат.

 Досуңуз кызматтан кеткенден кийин жолуктуңарбы? Эгер жолуксаңыздар эмне тууралуу сөз болду?

 Ооба, жолуктук. Кечээ кечинде кабыл алдым. “Эс ал досум, ден соолугуңду кара, тынч жүр” дедим. Досумдун айтымы боюнча, “ак сакалдар” дейбизби, “көк сакалдар” дейбизби, бирөө менен дагы сүйлөшкөн эмесмин дейт.

Ошондон улам мен жыйынтык чыгардым. Демек, тигилер досума билгизбей эле өздөрүнчө жашыруун план менен иш жүргүзүп жатышкан экен. Орустар айткандай, “медвежья услуга” көрсөтүштү.

 

Последние новости