www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук агенттигине кезектеги кыскача маегин куруп Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышынан улам жаралган айрым кептер тууралуу пикирин билдирип, бир катар суроолорго жооп берген.

 Саламатсызбы Садыр Нургожоевич! Камчыбек Ташиев УКМК башчысы кызматынан кеткенден бери коомчулукта ар кыл багыттагы талкуулар уланууда.

Анын бири “Эгер Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев тил табыша албай калса, анда эл түндүк-түштүк болуп экиге бөлүнөт” деген санаркоо болууда. Чындап эле ушундай болушу мүмкүнбү?

 Саламатчылык. Биринчиден, түндүк-түштүк болуп бөлүнүүгө эч качан жол бербеймин. Андай бөлүнүп-жарылууларды качан гана керек болгондо, саясатчылар жеке кызыкчылыктары үчүн бөлүп баштайт. Карапайым элди колдонушат.

Эгемендик алгандан бери эле саясатчылар түндүк-түштүк кылып бөлүп келишкен. Мен саясатка алгачкы жолу 2005-жылы келгенде өз көзүм менен көрдүм. Өкмөттүн жарымы түндүк, жарымы түштүк же кайсы бир министрликте дагы ушундай болсун деп бөлүп келишкен. Ошондо мен аябай кейигем.

Анан ошондо “Кудай буюруп келечекте президент болуп келсем, Кыргызстандын бул оорусун сөзсүз айыктырам» деп өзүмө сөз бергем.

2021-жылдан бери андай бөлүнүп-жарылуу жоголуп бара жатканын байкап атсаңар керек. Мисалы, райондордун акимдери, соттор, прокуратура, УКМК, ИИМдин жетекчилерин ротация кылганбыз.

Акимдер менен соттор 100 пайыз ротация болушкан. Түштүктө бир дагы түштүктүк аким жок, баары түндүктөн. Ошондой эле түндүктө бир дагы түндүктүк аким жок, баары түштүктөн.

Соттор дагы ошондой. Жыйынтыгы көп күттүрбөй эле берди. Бөлүнүп-жарылуу азайды. Алдыда Кудай буюрса, айыл өкмөттөргө чейин жетебиз. Себеби антпесек, ошол эле айылдан чыккан жигит айыл өкмөт болсо, жакшы нерселердин баарын өзүнүн жакындарына ыйгарып койгон учурлар көп кездешип атат.

Мисалы, тендерден уткандар деле тууганы, сугат жерлерди арендага алып алгандар деле айыл өкмөттүн жакындары болгон фактылар көп.

Муну да бара-бара жоёбуз. Бирок көбүрөөк убакытты талап кылат. Үй-жай маселелерин чечишибиз керек.

Түндүк-түштүк болуп бөлүнүүнү жок кылуунун дагы кандай жолдору бар десеңиз, аны да айтып берейин.

Мындан 2-3 жыл мурда “Акылман” мектебин ачып, түндүк-түштүктөн эң жакшы окуган акылдуу балдарды топтоп, мектеп-интернат кылып, Чолпон-Атада окутуп жатабыз.

Мындай мектептер азыр бардык облустарда салынып жатат. 2-3 жылдан кийин бүтөт. Кыскасы өлкө боюнча 7-8 “Акылман” мектептери болот.

Аларда окуган балдар-кыздарыбызды аралаштырып окутабыз. Мисалы, бүгүн Чолпон-Атада региондордун баарынан келип окуп жатышкан болсо, Ошко деле ошондой бардык облустан келип окушат. Буюрса, бардык облустарда ушундай кылабыз.

Бул мектептерди аяктап, жогорку окуу жайларын бүтүп келген балдар-кыздар түздөн-түз мамлекеттик кызматтарга келип олтурушат. Былтыр эле мыйзам кабыл алдырып, кол коюп, бекитип койгом. Азыртадан баштап эле ал мыйзам күчүндө турат.

Эмне үчүн дегенде мен кокус кызматтан кетип калсам бул мыйзамды кийинкилер кабыл албай койсо, “Акылмандан” чыккан балдар талаада калышпасын дедим.

Себеби бүгүнкү күндө ошол таланттуу балдарга мамлекеттин акчасын коротуп окутуп жатабыз. Алды 5-6 жылдан кийин өз кесиптери боюнча мамлекеттик кызматтарга келе башташат. Мына ошолор Кыргызстанды бөлүп-жарбаган келечектин кадрлары болот.

Дагы бир негизги ишти былтыр февралда баштагам. Өкмөт башчысы менен министрлерди чогултуп, тапшырма бергем.

Ар бир облустун борборлоруна студенттик жатаканаларды салгыла, 2026-жылдын 1-сентябрынан баштап, бюджеттик квоталар менен окуган студенттерди ротация кылабыз деп.

Бул кандай десеңиз муну да чечмелеп берейин. Мисалы бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпысынан алганда 10 миң абитуриентке бюджеттик орун берилет экен. Ошонун 5 миңин түштүктүк абитуриенттерге, 5 миңин түндүктүк абитуриенттерге беребиз.

Түндүктүк студент түштүктөн окуйт, түштүктүк студент түндүктөн окуйт. Жанагы жети облуска студенттик жатаканаларды салдырып жатканым ушундан. Бирок быйыл үлгүрбөй калгандыгыбызга байланыштуу эмдиги жылдын сентябрына жылдырдык.

Быйыл ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму) менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүп алсак анан курулуш иштерин баштайбыз.

Эмдиги жылдын сентябрынан баштап бюджеттик квота менен окуйм деген студенттер ротация менен окуп башташат. Бул кандай жыйынтык берет десеңиз, келечекте түндүк-түштүк деген оору жок болот.

Түндүктөн түштүккө барган 5 миң студенттин арасынан үйлөнгөнү болот, турмушка чыкканы болот, менталитеттер алмашат дегендей.

Ал эми түштүктөн түндүккө келген 5 миң студенттердин арасынан деле ошондой болот. Ошентип 20-30 жылдан кийин түндүк-түштүк оорусу жоголот. Мына ушундай ыкмалар менен жойбосок, бул ооруну эзели жоё албайбыз.

Ошондуктан карапайым калкка кайрыламын. Алданбагыла, силерге түндүктүк президент болобу же түштүктүк президент болобу, айырмасы жок. Эң негизгиси таза иштеп берсе болду. Дэн Сяопин айткандай, “ак мышык болобу, кара мышык болобу айырмасы жок, чычкан алса болду” дегендей таза, калыс жана адилеттүү болуп, баарына бирдей иштеп берген президент болсо болду.

Мына бүгүнкү күндө регион-регион кылып бөлбөстөн, өлкө боюнча бардык региондордо бирдей иштер жүрүп жатат. Курулуштар болуп атат. Жолдор асфальтталып жатат. Социалдык имараттар курулуп жатат. Мунун баары кимдир бирөөлөрдүн акчасына эмес, мамлекеттин, элдин акчасына курулуп жатканын ар бир жаран билиш керек.

 Жогорку Кенештин депутаттары азыр деле бөлүнүп жатканы байкалып калды?

Өткөн жолку маегиңизде “ошолордун кесепетинен досуңуз кызматтан кетти” дегендей айттыңыз эле. Буга кандай комментарий бересиз?

 Мен жогоруда айтпадымбы, бөлүнүүнүн баарын саясатчылар баштайт. Карапайым калк курал болуп берет. Саясатчы элди курал кылып колдонот дагы бийликке келет, карапайым калкка бир тыйынчалык пайдасы тийбейт. Керек болсо дасторконуна бир сындырым нан ашыкча түшүп калбайт. Баш аламандыктарда жаракат алганы деле карапайым калк, өлгөнү деле карапайым калк. Же эмне акыркы 30 жылда бир саясатчынын жакыны өлгөнүн көрдүңөрбү?

Ошондуктан саясатчылардын бузукулук сөздөрүнөн трагедия кылбагыла.

Мен акыры түндүк-түштүк деген ооруну жок кылам. Убакыт керек.

Дагы бир окуяны айтып берейин.

Президент болгондон кийин биринчи жолу Баткенге барып, эл менен жолуктум.

Карапайым элдин арасынан бирөөсү айтып калды. Эми аны ошол жерден чыккан бир саясатчы айттырып жатканын билем да.

“Өкмөттө бир дагы Баткенден чыккан министр жок экен”, - дейт. Анан мен айттым, “Макул Баткенден бүгүн бир министр коюп берейин, эртең сиздин дасторконго бүгүнкүдөн эки эсе көп тамак-аш толуп баштайбы?” - десем, - жок дейт. “Анда эмесе бүгүндөн баштап мен сиздин министр, мен сиздин депутат болуп берейин” - дедим.

“Эч бир регионду бөлбөйм, баарына бирдей караймын” - дедим. Ошол сөзүмдү бүгүн аткарып жатам. Баткенге МИКтин үйлөрү салынып жатат. Стадион салынып жатат. Жолдор, мектептер салынып жатат.

Баткенге завод-фабрика салам деген инвесторлорду жиберип жатам. Албетте, кемчиликтер бар, жок эмес. Баарын бир жылда эле “сүф” деп, оңдоп жибергендей сыйкырчы эмеспиз.

Колума сазга баткан мамлекетти алгам. Айрым облустарга азыраак жардам жетип калып жатат. Бирок анын баарын билебиз. “Кайсы облуска канча акча жумшалды” деген мониторинг бар. Карап олтурабыз. Быйыл болбосо эмдиги жылы жеткизебиз.

 Айрым саясатчылар жана айрым аксакалдар менен айрым активисттер “Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев өлкөнүн келечеги үчүн мурдагыдай эле ынтымакка келиши керек” деген чакырыктарын жасоодо. Буга чейинки маегиңизде “дос бойдон кала беребиз” дедиңиз. Азыр деле ошол позициядасызбы?

 Ооба, ошол эле позициядамын. Мен табиятынан эле кандайдыр бир талаштуу маселелер жаралса, эч бир адам менен урушпай-талашпай эле сабырдуулук менен чечишип алганды жакшы көрөм. Дос бойдон кала беребиз. Бирок ал киши кандайдыр бир мамлекеттик кызматка келбейт. Дос эс алсын, ден соолугун карасын.

Тегерегидеги “ак сакал, көк сакалдардан” арылсын, тазалансын. Тергөө кызматы баарын аныктап, тазалап берет. Албетте, азыр ыракмат айтпайт. Капа болот. Бирок жылдар өткөндөн кийин “Досум сен ошондо туура кылыпсың” деп ыракматын айтат.

 Эл арасында “досу койдурган министрлерди жана жакын адамдарын кызматтан ала башташты, айрымдары өз арызы менен кете башташты” деген сөздөр жүрүп жатат. Сиз кетиртип жатасызбы?

 Мен азырынча эч кимди кызматтан кет деп айта элекмин. Саясатка аралашпай ар кимиңер өз милдетиңерди аткарып иштей бергиле дедим.

Өз арыздары менен кетип жаткандар болсо, кармабайбыз. Бирок бардык министрликтерде уурулук болгон жокпу, текшерилет. Уурдаган болсо жоопко тартылышат.

Мен буга чейин дайыма өкмөт башчыдан баштап бардык министрлерге: “Кызматкерлерди алаарда жакын тууган, дос, жердеш, бажа деп албагыла. “Мени авам сактап калат же акам сактап калат” деп, андайлар коркпой уурдайт” деп эскертип келдим.

Эгер уурулуктары аныкталса ким болбосун жооп берет. Кудайга шүгүр, мен жакындарымдын бирөөсүн дагы мамлекеттик жогорку кызматтарга жолоткон жокмун. Саясатка аралаштырган жокмун.

Тээ жаңы келген кезде “эки кудасы бийликте олтурат” деп сындап чыгышканда экөөнү тең кетиргем. Экөө тең мен келгенге чейин эле ошол системада иштеп жүрүшкөн. Бирок ошого карабастан, “Туугандар, туура түшүнгүлө мага сөз тийип жатат, кызматтан кетип тургулачы” деп кызматтан алгам.

 Эгер чындап эле 75 саясатчы дейбизби же депутаттарбы, пландаган максаттары ишке ашып, мөөнөтүнөн мурда шайлообу же төңкөрүш дейбизби, айтор бир нерсе болуп кетсе, бүгүнкү күндү кандай элестетет элеңиз?

 Эч кандай төңкөрүш же башка нерсе болбойт. Ага биринчиден, мыйзамдар жол бербейт, экинчиден, андай акыбал жок.

Өлкөнү күч менен эмес, баш менен башкарыш керек. “Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат” деген накыл сөз бар.

Мыйзамдарды окушка баштары жетпеген үчүн ушундай жолдорду ойлоп табышкан. “Күч менен башкарам” деген Бакиев азыр кайда? Күч менен башкарып келген Атамбаев кайда?

Биз өткөндөн сабак алганды үйрөнүшүбүз керек. Өлкөдө төңкөрүш болчу акыбал жок дегеним, бир суткада 24 саат болсо, 20 сааты иш үстүндөмүн. Баарын көзөмөлдөп карап турам. Туура эмес иштер болуп аткан болсо, дароо тиешелүү министрлерге, акимдерге, губернаторлорго дароо тапшырма берип оңдотуп турам.

“Тарыхтын ак барактарында калайын, урпактарымды, жакындарымды кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылып калтырбайын” деп беш жылдан бери кара жанымды карч уруп иштеп келе жатам.

Албетте, кемчиликтер да бар, жок эмес. 100 пайыз көзөмөлдөгөнгө жетишпейсиң, робот же компьютер эмессиң дегендей. Бирок 70-80 пайыз көзөмөлдөп турганга жетишебиз.

 “Камчыбек Ташиев кетти, эми уюшкан кылмыштуу топ жана коррупция менен күрөш токтойт, криминал баш көтөрөт” деген айың кептер да айтылып жатат?

 Биринчиден, азыр бизде уюшкан кылмыштуу топ деген жок, мындан ары болбойт дагы. Албетте, кылмыш жасагандар болот. Кылмыш жасаган адамдар дүйнө жүзүндө бар. Аны эч ким таптаза кылып жок кыла албайт. Адам бар жерде баары болот.

Бирок уюшкан кылмыштуу топ болуп, базарларда олтурган аялдарга чейин мурдакыдай “отметка” алып жүргөн “смотрящий, положенец” дегендер болбойт.

Алардын баары азыр түрмөдө же чет өлкөлөп качып жүрүшөт. Эгер кайрадан Кыргызстанга мурдакыдай өздөрүнүн уурулук мыйзамдарын (воровской закон) орнотобуз деген криминалдар болсо жаңылышат.

Кыргызстан – азыр башка Кыргызстан.

2020-жылга чейинки Кыргызстан, 2020-жылдан кийинки Кыргызстан деп бөлүп карашы керек, алар. 2020-жылдан кийинки бийлик – алар менен коюн-колтук алышпаган бийликпиз. Ошондуктан мындан ары уюшкан кылмыштуу топ болбойт.

Ал эми коррупция менен күрөш эч качан токтобойт. Өмүр бою улана берет. Дүйнө жүзүндө коррупцияны таптакыр жоюп салдык деген бир дагы өлкө жок. Керек болсо, коррупция жок деген Сингапур өлкөсүндө дагы 15-16 пайыз коррупция бар.

Ошондуктан, “бизде коррупция жок, баарын жоюп салдык” деп пиар кыла бериштин кереги жок. Коррупция өмүр бою токтобойт. Коррупциянын түрлөрү бар. Экономикалык коррупция, саясий коррупция, тууганчылык коррупция жана башка коррупциялар. Баарын жок кылганга болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Азайтабыз.

Криминалды жок кылыш үчүн бизге кыйынга турган жок. Бир күндө тынчыттык. Ал эми коррупцияны беш жылдан бери жок кыла албай келе жатабыз. Кудай буюрса, келечекте коррупциянын пайызын болушунча азайтканга аракет кылабыз.

Ага күч да акыл да жетет. Күч органдарына “Криминал, коррупция менен күрөшүүдө силерге жашыл жарык, болгону “маски шоу” кылбай, пиар кылбай, иш алып баргыла” деп тапшырма бердим.

 Акыркы суроом, досуңуз кызматтан кеткенден кийин жолуктуңарбы?

Эгер жолуксаңыздар эмне тууралуу сөз болду?

 Ооба, жолуктук. Кечээ кечинде кабыл алдым. “Эс ал досум, ден соолугуңду кара, тынч жүр” дедим. Досумдун айтымы боюнча, “ак сакалдар” дейбизби, “көк сакалдар” дейбизби, бирөө менен дагы сүйлөшкөн эмесмин дейт.

Ошондон улам мен жыйынтык чыгардым. Демек, тигилер досума билгизбей эле өздөрүнчө жашыруун план менен иш жүргүзүп жатышкан экен. Орустар айткандай, “медвежья услуга” көрсөтүштү.

Баарын тазалап, тартипке алып келебиз. Кудайга шүгүр, буга күчүбүз жетет.

Последние новости