www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-мэр Нурдан Орунтаевдин билдирүүсүнөн кийин депутат Дастан Бекешев Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровго кайрылды.

Парламенттин 15-декабрдагы жыйынында Бекешев гараждык кооперативдердин өкүлдөрү менен жолуккан вице-мэр өзүн "мырктай" алып жүргөнүн айткан.

Өз кезегинде вице-мэр Нурдан Орунтаев депутатты сотко берерин, ошондой эле депутат соода объектилерине уруксат ала албай, митинг уюштуруп, жеке кызыкчылыктары бар экенин, анткени ал жашаган үйдүн тосмосун бузуп салышканын билдирди.

Бекешев митингди өзү уюштурбаганын айтып, акциянын катышуучулары мэр менен жолугушууну талап кылып жатканын айтты.

Ал мэрден өзү жашаган үйдүн кайсы тосмосун мэрия бузуп салганына расмий жооп берүүнү суранат. Ал даректи айтып коюуну суранды. Ошондой эле, ал качан жана кайсы соода объектисине уруксат алуу үчүн арыз түшкөнүн тактап берүүнү өтүнөт.

Орунтаевдин маалыматы тастыкталбаса, Бекешев мэрден вице-мэрди дисциплинардык жоопкерчиликке тартууну суранды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости