www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-мэриңиз, кечиресиз, муниципалдык кызматкердин этикасы бар, ал өзүн «мырктай» алып жүрөт. Мындай пикирин бүгүн, 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкек шаарынын мэри Эмил Абдыкадыровго кайрылып жатып билдирди.

Анын айтымында, гараждык кооперативдердин мүчөлөрү борбор калаанын мэриясынын жанына тынчтык митингине чыгышты.

«Алар сиз менен жолугууну каалашты, жолугушуп коюңуз. Ошолор менен митинг өткөрүп жүрөт микрофонго кыйкырып. Мэрия түшүндүрүп бериши керек. Жок, ал кыйкырып жүрөт. Мен уялдым. Бул Бишкек шаарыбы? Бул Бишкектин вице-мэриби? Менин ага эч кандай душмандыгым жок. Өзүн минтип алып жүрүүгө болбойт. Бул уят», — деген депутат.

Депутаттын бул билдирүүсүнө Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев комментарий берди.

«Дастан Бекешев боюнча айтсам, ал ар кандай коммерциялык объектилерди орнотууга уруксат ала албай жатат. Биз бир нече жолу баш тартканбыз. Бул жагынан ал ушундай саясат жүргүзүп жатат. Мындан тышкары Бекешев жеке досторунан жардам сураган, биз анда да баш тартканбыз. Дастан Бекешевдин сөзү боюнча айтсам, ал өзүнүн тарбиясыз экенин көрсөттү», - деди Орунтаев. Нурдан Орунтаев

Вице-мэрдин пикиринде, бүгүнкү митингди Дастан Бекешев уюштурган.

«Анын жеке кызыкчылыктары бар. Анткени ал жашаган үйдүн тосмосун жакында эле бузуп салганбыз. Буга аябай таарынып жатат», - деди вице-мэр.

Ал Бекешевди сотко берерин да тастыктады. «Мен ага чалган жокмун, ал мага чалды. Мени кемсинткени үчүн сотко берем деп ачык айттым», - деди Орунтаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости