www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Ырысбек Атажанов бүгүн, 15-декабрда парламент жыйынында Бишкек шаарынын мэри Эмил Абдыкадыров депутат Элмурза Сатыбалдиевден кечирим суроону талап кылды.

"Сиз 14 мектеп кургам деп жатасыз. Аны сиз эмес, урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүп, жеке өзү көзөмөлгө алып курдуртту. Сиз кичине ойлонуп сүйлөсөңүз. 

Андан сырткары кесиптештерге туура эмес сөздөрдү айтып жатасыз. Биздин урматтуу кесиптешибиз Элмурза Ракиевичтен (ред. Сатыбалдиев) сиз расмий түрдө кечирим сурап коюңуз. Сиз жеке мамилеге өтүп кеттиңиз. Менин оюмча бул туура эмес", - деди депутат.

Мер Эмилбек Абдыкадыров депуттын пикирине кошулду.

"Аныңыз туура. Мен башында ыш маселесин көтөрүп, бирге чечүүнү сунуштап жаткан депутаттык топко ыраазычылыгымды айттым. Мен эмоцияга алдырып, депутаттын дарегине сөз тийгизип койсом кечирип коёсуздар", - деди мэр. 

Депутат Атажанов кечиримди Элмурза Сатыбалдиевдин жеке өзүнөн сураңыз деди. 

Эскерте кетсек, буга чейин жыйында мэр Абдыкадыров менен депутат Элмурза Сатыбалдиев айтыша кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости