www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-декабрда Бишкек шаарындагы абанын булганышын азайтуу боюнча маселени талкуулап жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровго ишеним көрсөтпөй турганын билдирди.
Абдыкадыров Сатыбалдиевдин тосмосу бузулганы үчүн ага жеке таарынычы бар экенин билдирди.
"Сиз жашаган көчөдөгү үйүңүздүн тосмосун менин орун басарым талкалап салган. Мыйзам алдында баары бирдей. Грантка тротуарларды куруу үчүн, бул көчөдө 70 адам өз эсебинен тосмолорун бузушкан. Мандатыңызды сыйлаңыз", - деди мэр.
Сатыбалдиев мэрия тосмонун артынан шоу уюштуруп жатканын жана мэрге ишеним көрсөтпөй турганын билдирди.
Депутаттык топ өз лидерин колдоп, мэрдин кызматтан кетишин талап кылышты.
Эске салсак, Бишкек мэриясы сентябрь айында Шүкүров көчөдөгү №166 үйдүн тосмосун бузуп салган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиевге таандык болгон.
Булак: NazarNews.kg