www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Жогорку Кеңеште Бишкектин экологиясын жакшыртуу маселесин талкуулоодо депутат Медербек Алиев шаардагы абанын сапатынын индексин аныктап жаткан уюмдардын репутациясына кызыкты.
"Биз чет мамлекеттерге чыгып, дүйнөдөгү эң кир шаарларды көргөнбүз. Бирок ЖМКда айтылып жаткан Бишкек дүйнөдөгү эң кир шаарлардын үчилтигинде дегенге мен кошула албайм. Муну өзү ким аныктайт?", - деп суроо салды депутат.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова изилдөөнү Кыргызгидромет жүргүзөөрүн жана анын 7 стационардык пункту, 50 датчиги бар экенин билдирди.
"Мамлекеттик мониторингден тышкары коомдук уюмдар да аныктап жатат, алардын ар кайсыл жерде 16 датчиги бар. ЖМК коомдук уюмдардын маалыматына таянып чыгарып жатат", - деди министр.
Эл өкүлү Медербек Алиев эгер аталган коомдук уюмдардын эл аралык ишкердик аброю дүйнө жүзү боюнча таанылган болсо ишенет элем, деген оюн айтты. Ал коомдук бирикмелер эмненин негизинде иштешет деген күмөн саноосун билдирди.
"Мындай Бишкек жөнүндө туура эмес маалымат Кыргызстандын туристтик-инвестициялык репутациясына болуп көрбөгөндөй зыянын тийгизип коюшу мүмкүн. Бирок, борбор калаада абанын сапаты чынында начар экени факт", - деди депутат.
Булак: NazarNews.kg