www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эдил Байсалов шайтанды алдасаң дагы, элди алдаба!

Кезинде демократиялык баалуулуктар, адам укугу, сөз эркиндиги тууралуу зар какшаса, оозунан ак көбүк акчу Эдил Байсаловдун бүгүнкү көз карашы 180 градуска өзгөргөн. Көрсө, бийликке жетпей эле араң жүргөн, ичи толо былык тура. 

Мына Садыр Жапаров президент болуп келгени, кошоматты катыра айтып, этегине эрмешип, жакасына жармашып чыныгы жүзүн ачты. Жеткен жандими кошоматчы, мансап дегенде эт-бетинен кетип, кечээги эле батышты жактап бирге жүргөн санаалаштарын бузуку дегенге чейин жетти го чиркин. 

Кабинет министринин төрагасынын орун басары катары өлкөдөгү соцблокту тейлеп жатат. Бирок эмнени кыйратып жатканын эч ким билбейт. Болгон жумушу эртеден кечке бийликти жактап, кошомат айтып, соцтармакта ар ким менен тытышып отурган болот. Мындан көрө президенттин пресс-катчысы эле болуп алса болмок. Жанагы фейк, троллдорду башкаргандан башкага мээси жетпеген, ар кимди каралап, жугунду куюп, каргышты кабаттап чогултуп, өлкө башчысынын аброюна көлөкө түшүрүп жаткан Дайыр Орунбековдун ордуна президенттин маалыматтык саясатын жүргүзүп, ошол кызматты аркаласа майын чыгармак. Эл дагы туура түшүнмөк, ар кайсы окуяга комментарий жазып, улуп отурганын... 

Бирок, эшегине жараша тушагы дегендей, Эдил Байсалов менен Дайыр Орунбеков бир ылайдан десек жарашат. Эгер, Дайырга мамлекеттин маалыматтык саясатын ишенип тапшыргандай иш кылса, Эдил Байсалов бийликтин кемчилигин жабам деп адвокат болуп, соцтармакта ар ким менен айтышып, чубалжытып пост жазып акактап отурбайт эле. 

Ырасында, сабатсыз, маалыматтык саясатты түшүнбөгөн, аналитика эмне экенин билбеген, ырыстуу макала жаза албаган Дайырдын кесепетинен президент баш болуп, бүтүндөй командасы жамантты болууда. Бул өтө чоң ката. Азыр да кеч эмес, Дайырды иштен кетиришпесе, өз баштарына эле тийген муш болот. Фейк, троллдор менен маалыматтык саясат жүргүзүү акылга сыйгыс абсурд. Же кыйратып чет тилин билсе бир жөн. Ушул жагдайды өзүн ашкере акылдуу, билимдүү санаган Эдил Байсалов түшүнбөй, мээси жетпей жатканы таң калтырбай койбойт. 

Айткандай, Байсалов президенттин маалыматтык саясатын коргоп, өзүнө тиешелүү функционалдык милдетин унутуп койду. Кылым кыйшайбайт деп эле ар кайсы жерге мурдун тыга бербей, көзү жеткен тармакты тейлесе болмок. Маселен, жогоруда айткандай Дайырдын ордуна барса жарашмак. 
Мына, фейсбукка “бюджеттин тартыштыгы маселе эмес, кризис жок, өлкө өнүгүп жатат” деп калпты-чынды койгулаштырган пост жазыптыр. Ушул постту Дайыр жазса, коомчулук атаны байкуш, жеткен деңгээли, мээси ошол да деп маани деле бермек эмес. Тилекке каршы, Эдил мырза өзү эринбей отуруп этектей пост жазыптыр. Баштан-аяк актануу. Көнгөн адатынча, бюджеттин тартыштыгын айткандарды күнөөлөгөн, бузуку катары сыпаттанган ич күптүү билдирүү болуптур. 

Бардан дагы, “мамлекетибиздин ачык-айкын жетишкендиктеринен башка эч нерсеси жок биздин ата мекендик скептиктер ушул бюджеттин тартыштыгына түздөн-түз жармашып, бизди жемелеп, бетке сайып жатышат. Биздин тарапташтарыбыз да, каршылаштарыбыз да бул өтө жасалма «дефицит» фигурасынан тынчсызданбашы керек”, - деп акыл айтат. 

Анын аксак логикасына таянсак, бюджеттин тартыштыгын трагедия кылыштын кереги жок экен. Буга мисал катары, “Бюджеттин дефицити - эң кеңири таралган нерсе! Мисалы, АКШнын быйылкы бюджетинин тартыштыгын алалы, ал 1,38 триллион долларды түздү, жалпы чыгымы 4,9 триллион долларды түздү, бул бюджеттин дээрлик 30% түзөт”, - деп океандын ары жагындагы экономикасы дүйнөдө №1 болгон Америка менен салыштырып өтүптүр. Тапкан экен салыштырган өлкөнү. Маалыматтык манипулияция жасап, элди жалган менен тойгузам деп ойлойбу бул кургур. Сергек акыл калчаган кыргыздын уул-кыздары, 30 жылда болбогон бюджеттин тартыштыгын арзыбаган нерсе катары сыпаттап, коомду жооштукусу келген Эдилдин жөө жомогуна кантип ишенет?
Өкүнүчтүүсү, бул Эдил деле эмне жазып жатканын өзү жакшы түшүнбөгөн сабатсыздардан окшойт. Мына өзү жазгандай быйыл  2022-жылга республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 282,1 млрд сом өлчөмүндө бекитилди. Ал эми чыгашалар тиешелүүлүгүнө жараша 291,2 млрд. Бюджеттин дефицити бекитилген долбоор боюнча 9,1 миллиард сомду түзүшү керек болчу.

Натыйжада, бюджеттин кирешелеринин акыркы көлөмү 273,7 млрд сомду түзүп, ал эми  республикалык бюджеттин чыгашаларынын тиешелүү статьялары 12,8 миллиард сомго көбөйүп, натыйжада болжол менен 304 миллиард сомду түзгөн. Бюджеттик кодекстин комплекстүү эсепке алуу эрежелеринен улам 30,3 миллиард тартыштыкка кошумча какаган муштаган дегендей бийлик, бийлик 12,9 миллиард сомду (дефицит) мамлекеттик инвестиция, грант менен жабабыз деп жок акчаны кириштеп алышкан.  Мындан тышкары, мамлекеттик облигацияларды чыгаруу менен жабылган 10,7 миллиард сом бирден-бир реалдуу тартыштык болуп саналат. Бул деген ички карызды көбөйтүп жатат. 

Анан акылы ашынып кеткен, “пресс-катчы адвокат” кайдагы өнүгүү тууралуу айтып жатат, элдин башын айлантып. Уялбастан “биз өнүгүүнүн бул ишенимдүү багытын улантабыз деп бардыгын ишендиргим келет. Биз жакырчылык синдромунан, эски мамлекеттик “акча жок” саясатынан баш тарттык. Өлкө өнүгөт. Эл байыраак жашайт!”, -деп жазса, элибиз байгерчиликте жашап, босогосунан май аккан керемет көз алдыга тартылып, кубанычтан көзүңөн жаш агат...
Кой, Эдил кой! Минтип шайтанды алдасаң дагы, элди алдаба деп, жогору жакта анча-мынча болсо дагы уялчулар жок болуп жатканы зээнди кейитет.

Эгерде биз жылына карызга деп бюджеттен 10-20 пайызын коротсок, айла жоктон кайра эле бюджетти толтуруу үчүн сырттан карыз алууга туура келет. Бюджет эмненин негизинде толтурулат, албетте бизнестен түшкөн салыктардын негизинен. Эгер бизнеске шарт түзбөй бизнеске тоскоолдуктарды жарата берсек, бизнес банкротко учурайт жана салыктар чогулбай калат. Келерки жылы дагы деле аябай чоң дефицит менен чыгаарыбызга кепилдик жок. Биз бул жылы киреше бөлүгүнү көбөйтпөй туруп, популисттик жасап айлык акы, пенсия жана башка негизсиз коротууларга бардык. Андан сырткары дагы көп негизсиз сатып алуулар жана ар кандай негизсиз мааракелер өттү. Кыскасы дефицитти пайда кыла турган көп факторлор бар. Эгер, кирешени көбөйтпөй, чыгашаларды көбөйтө берсек, дефициттен кутулбайбыз. Тыштан карыз алуу токтобойт. Эдил мырза жөө жомок айтпай, ушул жагын ойлонгула.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости