www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңешти конституциялык реформа жасоого чакырды.

Бүгүн кыргыз парламентинин 80 жылдыгына арналган талкууда сүйлөп жатып ал 24-ноябрда өткөн курултайда конституциялык реформа жана Кумтөрдү улутташтыруу деген эки талап коюлганын белгилеп, бүгүнкү жыйында президенттен бул боюнча жооп алганын билдирди.

Бекназаров мындай учурда Жогорку Кеңеш көз каранды эместигин көрсөтүшү керектигин айтып, депутаттарды конституциялык реформага барууга чакырды.

- Депутаттар көз карандысыздыгыңарды көрсөткүлөчү. Көрөлү. Бийликтин туткасы болгон элди демилге катары кол топтоого аргасыз кылбагыла. Андай болбосо жөн жатпайбыз. Элди эч ким токтото албайт- деди ал.

Бүгүнкү жыйында сүйлөп жатып мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Баш мыйзамы өзгөртүүгө азыр муктаж эмес экенин айткан.

“Конституция 25 жыл ичинде 10 жолу өзгөртүлдү. "2020-жылга чейин өзгөртүлбөсүн" деп добуш берилген, бирок ага карабай, аны бузуу менен 2016-жылы дагы бир жолу өзгөртүлдү. Ошондуктан, элдин эркин сыйлоо менен 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртүүгө муктаждык жок деп эсептейм. Кеп Баш мыйзамда эмес, мыйзамдарды сыйлоодо” деген президент. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости