www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомдук ишмер, экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров “NazarNews” маалымат агенттигинин ютуб каналына берген маегинде Ташиевдердин курган финансылык пирамидасын, байлыктарын жана Камчыбек Ташиев башында туруп “кустурузация” кылган мүлктөрдүн мамлекетке өткөн-өтпөгөнүн көз карандысыз комиссия түзүп иликтеп чыгыш керектигин белгиледи.
- Милициянын төргөөчүлөрү Ташиевдерди 1-2 саат суракка алып коё берип жатканы менен иш бүтпөйт. Мына сурак берген Ташиевди Тергөө башкармалыгынын башчысы машинасына чейин узатып салып жатат. Анан ким тергөөгө ишенет? Менин жеке пикиримде президент Садыр Нургожоевич коомдук ишмерлерден, Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган мамлекеттик комиссия түзүп, “УКМКнын 5 жылдык ишине көз карандысыз акыйкат баа бергиле” десе калыстык болмок. Анткени Ташиевдин 5 жыл ичинде курган баласынын, инисинин өзүнүн финансылык пирамидасы иликтениш керек. Мен буларга адвокат болуп жүрүп, канча байлыктары болгонун жакшы билем. Анан бүгүнкү байлыктарын көрүп, төбө чачым тик туруп жатат. Президентибиз айтпадыбы, “уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшөм деп, УКМКны УКТга айландырып коюптур” деп... Ушул жерден бир нерсени баса белгилеп айтып коёюн, келгиле Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу менен Камчыбек Ташиевдин УКМКсындагы Уюшкан кылмыштуу тобу 5 жылда кимиси Кыргызстанга көбүрөөк залал алып келди, кимисинен эл, ишкерлер кордук көрдү деп жарыялайлычы, кимге арыз көп түшөт? Менимче, 100 гө 10 болот. Көлбаевге 10 арыз түшсө, УКМКга 100 арыз жазылат. Анан кантип ушуну тергөө менен бүтүрүп коюуга болот. Бул жыл, тазалануунун жылы болуш керек. Казынаны Жогорку Кеңеш бөлөт. Жогорку Кеңешке жетпеген мүлк, мамлекетке алынды делип эсептелбейт, -деп билдирди.
Бул туурасында “NazarNews” маалымат агенттигинин ютуб каналынан толук көрө аласыздар.