www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бириккен демократиялык кыймылдын (БДК) мүчөсү Бектур Асанов кыймылдын соңку кайрылуусуна эч кандай тиешеси жоктугун билдирди. Ал турмак, өлкө кыйынчылык кезге кабылып турган маалда мындай кайрылуудан оолак болуу керектигин айтып, токтотууга аракеттенген.
“Мен буга каршымын, мындай кайрылуудан оолак болом деп айттым. Себеби, менин аргументим мындай болду: мен деле бийликти саясатын колдогондордон эмесмин, оппозицияда жүрөм. Бирок азыр бийликти сындай турган учур эмес. Сырткы күч кол салып, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө, эгемендүүлүгүнө шек келип жатканда, баарыбыз: жарандар, активисттер, оппозиция, бийлик, бейөкмөтчүлөр амбициябызды токтотуп, бийликти жан жабыла колдоп турбасак болбойт.
Геосаясий абал дагы курчуп турат, дүйнөдө улуу державалардын кагылышы, сырткы таасир абдан чоң – биз өтө кылдат, этият болушубуз зарыл.
Анын үстүнө чек ара маселесинде дароо эле чечим чыгарып койгон болбойт. Бул жааттагы эң көп маалымат – бийликте. Биз анын жарым-жартылайынан гана кабардарбыз. Ошондуктан, коомчулукка, журналист, блогерлерге кайрылат элем: кайсы бир маалымат таратууда этият бололу”, - деди Бектур Асанов.
Ошондой эле, ал бийлик саясий күчтөр менен биргеликте иш алып барууну жүзөгө ашырып, координациялык кеңеш түзсө туура болоорун белгиледи.
“Бардык маселени ошол жерде чечип алып, андан кийин гана өзүбүздүн коомчулукка, эл аралык коомчулукка бир пикир менен чыгып турмакпыз. Ушул демилгени бийлик колдоого алса жакшы болмок”, - деди Асанов.
Эске салсак, БДК кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу эки өлкөнүн атайын кызмат башчылары кол койгон протоколго шылтоолоп, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алуу боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон.
Булак: NazarNews.kg