www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров менен УКМК башчысы эки башка маалымат берди деп элдин башын айлантууга аракет көрүлүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жардамчысы Өткүрбек Рахманов билдирди.
«Маалыматты атайылап бурмалоо болууда. Анткени, Президент Жапаров БУУдагы өз сөзүндө кыргыз-тажик чек арасындагы маселенин таржымалын жана ал жактагы акыркы кырдаалды так айтып бергенин баарыбыз көрдүк.
Ал эми УКМКнын Чек ара кызматы 14-сентябрда эле атышуу учурунда тажик тараптан жай тургундарды, инфратүзүм объектилерин, турак жайларды жана жарандардын мүлктөрүн ылгабай аткылаган кандайдыр бир белгилери жок кара кийимчен жана сакалчан адамдар байкалганын кабарлаган.
Андыктан, Камчыбек Ташиевдин сөздөрүн так берүүнү өтүнөбүз. Ал: «...тажик территориясында аскер кызматчылары менен катар кандайдыр бир айырмалоочу белгилери жок, белгисиз формачандар да байкалганын...» айтты.
Демек, тажик тараптан тажик аскерлери дагы, белгиси жок кийимчен согушкерлер да болгону тууралуу сөз болуп жатат», - деди Рахманов.
Булак: NazarNews.kg