www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийлик Нургазы Анаркуловдун кылмышы андай деле оор кылмыш эмес экенин жана жаш балдарын эске алышы керек», - деди бүгүн, 31-январда NazarNews маалымат агенттигине саясатчы Бектур Асанов.

«Мен борбордон алыс жүрдүм эле. Угуп алып шок болдум. Чынында Нургазы туура жүргөн жаман иштерге аралашпаган жигит эле. Пара талап кылгыдай ага көп нерсенин кереги жок эле. Эмнеге мындай жагдайга кептелгенин түшүнбөй турам. Мүмкүн интриганын кесепетинен ушундай болгондур. 

Эмнеси болсо да мыйзам баарына бирдей. Тергөө так ачык жүргүзүлүшү керек. Ошондой эле, сот да ачык болушу керек. Ошондо эл ишенгендей болот. Эптеп эле камап, эл арасында жакындарын жазалап жатат деген сөзү үчүн иш кылышса, бийликтен да ишенич кете берет. Бийлик анын кылмышы андай деле оор кылмыш эмес экенин жана жаш балдарын эске алып, үй камагына чыгарып, тергей берсе да болот эле», - деп билдирди Асанов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости