www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жеңил автоунаа катуу ылдамдык менен барып Кайгуул милиция кызматкерлеринин машинасын сүзүп алды.

Кырсыктын кандай болгонун Oppa.kg деп аталган Instagram-аккаунт жарыялады.

Кадрдан жеңил автоунаанын Ибраимов көчөсү менен Жибек Жолу проспектин көздөй баратып инспекторлордун машинасын сүзгөнүн көрүүгө болот. Катуу урулган кызматтык автокөлүк бир топко чейин сүрүлүп барган.

Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы кырсык бүгүн эртең менен саат 08:40та болгонун билдирди. Toyota автоунаасынын айдоочусу мас болуп рулга отурган. Ал эми социалдык тармакта айтылып жаткан "милициянын машинасын атайын кууп барып сүзгөн" деген версияны четке какты.

Жол кырсыгы боюнча териштирүү жүрүп жатат. Жаракат алгандар жок

Булак: NazarNews.kg

Последние новости