www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Самара Каримованы кызматка дайындаган учурда «министр сулуу кыздарды жакшы көрөт экен, өзүнө чакырып ушуну коюптур» деген сөздөр чыкты. Бул тууралуу мурдагы Маалымат, маданият жана туризм министри Азамат Жаманкулов жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде билдирди.

«Министр болуп келген күнү эле мага чейин статс-катчы буйрукка кол коюп койгонун билдим. Бирок ал өзү Өзбекстанда жүргөн. Бардык процедуралар бузулган. Эртеси күнү эле коомчулук дуу боло түштү. Самара Каримованын жана менин сүрөтүмдү коюп, ар кандай коллаждарды чыгара башташты. «Министр сулуу кыздарды жакшы көрөт экен, өзүнө чакырып ушуну коюптур» деген сөздөр чыкты. Өкмөттөн дагы чала башташты. Алар качан? Ким койду? деп суроо беришти. Буйрукка кол койгон статс-катчы Өзбекстандан келгенде бардыгын териштирдим. Анын буйрукка кол койгонго эч кандай мүмкүнчүлүгү жок эле. Ошонун негизинде мен буйрукту жокко чыгарып, Самара Каримованы директорлуктан алдым.

Кийин анын жолдошу келди. Коомчулук аларды жаман көрүп, Каримованын өзү дагы жаман болуп жатканын айтты. Ошондо мен Самара өзүнүн багыты боюнча чыгармачылыгын күчөткөнү оң болот деген кеңешимди бергем. «Тажрыйбасы, билими жок башкаруучулукка умтулганы болбойт. Ниязалы Борошев деген чоң музыкалык училище. Ал жерде өмүрүн ушул училищеге арнаган профессионалдар иштейт. Аларга эч кандай мүмкүнчүлүк берген жокпуз. Бир акыйкаттык болуш керек. Эгер абдан эле ал жакка баргысы келсе мугалимдер менен иштешсин, салымын кошсун» деген кеңешимди бергем. Эми Самара азыр деле барбай эле койсо болмок», - деди Жаманкулов.
 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости