www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда эмгектенип жүргөн Бекзат Өмүрзак Уулу Москва шаарындагы кыргыз жигиттерин ар бир кадамын ойлоп басууга жана абайлап жүрүүгө чакырды.

Ал кечээ бир кыргыз жигитин орус кызы алдап, “подстава” кылган окуяны социалдык баракчасына жазып, коомчулук менен бөлүштү.  

--“Кечээ түнкү саат он экиге чамалай бир жакшы тааныш жигит телефон чалып калды.

- Ассалом алейкум, байке кандайсыз?

- Жакшы шүгүр өзүң кандай? (дароо эле жүрөк бир жамандыкты сезди)

- Байке, бир проблема чыгып калды барып келбейлиби?

- Баралы макул, эмне болду?

- Менин колумда иштеген бир жигит “подстава” болуп калыптыр, кафеге кирип бир суусундук, бир салат үчүн 20 миң рубль болуп кетти деп чыгарбай жатыптыр. Телефон чалып ыйлактап жатат, эмне кылсак?

-Азыр барам анда даярданып тур.

Ошентип дагы бир жигитти кошуп алып үчөөбүз жөнөдүк. Москванын борборунда бир түнкү клубда экен, кайра-кайра чалат "мен бир адаштым, эптеп алып кеткиле" деп.

Машинада баратып эле жакшылык менен бүтпөшүн сезип бараттым.

Биз барганда эле узун сакалчан бир чечен жигит тосуп алып, "за братом приехали да? За мной" деп кафенин арт жагына чёрный ходко алып өттү, ал жерде 5-6 чечен улутундагы жигиттер жана 2 орус, анан баягы биз барган жигит туруптур.

Тигилер бул үчүн катуу даярдангандыгы билинип турду, жанында куралы да болсо керек деп боолгодум.

Окуянын чоо-жайы мындай экен. Тиги биздин жигит интернеттен бир орус кыз менен таанышып ошол жерден жолугушат. Экөө ээрчишип баратып эле ал кафенин тушуна келгенде кыз "Бул жака дааратканага кирип алалычы" деп киргенден кийин бир суу менен фрукты заказ берели деп, барга барып өзү заказ кылат да, жигитти столго отургузуп “дааратканага кирип чыгайын” деген боюнча жоголуп кетет. Тигилер анан счётту алып келип (сүрөттөгү чек, заказ кылган суу фруктысы да ошол) “давай төлөйсүң, тиги кыз ушуларды заказ кылган” деп коркутушат, ал анан бизге чалат.

Тигилердин бири “Парни зачем так талпой приехали? По драться хотите?” деп калды.

“Если так надо, пусть так будет?” десем,

“Брат мы тоже мусульмане, давайте по хорошему” дейт.

Менюсун карасак баалары ошондой кымбат эле, бирок аларда эки башка менюсу болсо керек эле.

Ошентип ар-бери тартышып жатып азыраак акчасын төлөп алып чыгып кеттик.

Биз жеткенге чейин 3,4 өзбек улутундагы жигиттер да ошентип түшүптүр, алар да турушат, биринен сеники счёт канча экен десем 27 миң рубль болду дейт. Кийиминен эле билинип турат, стройкада же дворник болуп иштейт, ал акча анын бир айлыгы.

Ошон үчүн жигиттер, ар бир кадамды ойлоп баскыла, орус кыздарга барганды ким коюптур силерге, (к... ү кыскан бай болот) дейт, акчаны адалдан таап, бала-чакабызга адалдан тамак жедирели.

Өтө элек ысык жан болсоң аялыңды чакырып ал айылга калтырбай, кантсе да өз мекенибизге аман-соо жеткенди жараткан Аллах насип кылсын”, - дейт Өмүрзак Уулу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости