www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Вакцина адамды өлүмдөн куткарып жатат. Мындай пикирди Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов социалдык баракчасы аркылуу билдирди.
--"Вакцина алалы, жердештер!
Туугандар, суранам! Ар бирибиз ата-энебизди жакшы көрөбүз, аларга ден-соолук жана узун өмүр тилесек, вакцина сайдырталы.
Илим менен медицинага ишениңиздер! Акыркы маалымат боюнча, Индиядагы эпидемияда мурда вакцина сайдырткандардан 0.06% гана госпитализацияга муктаж болуптур, бирөөсү дагы ИВЛге жаткызлбаптыр жана каза болбоптур. Мындан өткөн дагы далил керекпи, вакцинанын пайдасынын?
Анан дагы, спутникби же кытайдыкыбы эч кандай айырмасы жок. Тандаганды коёлу. Баары жакшы! Негизгиси, вакцина өлүмдөн куткарып атпайбы! Сактанганды сактайт дейт эмеспи. Мына, карагылачы, акыркы эле апталарда канча залкарыбыз өтүп кетти. Ошолор жок эле дегенде дагы 5-10 жыл жашамак эле, аттиң.
Бизде вакцинация өтө начар өтүп атат. Болбогон 50 миң гана кыргызстандыктар вакцина алышыптыр. Коңшу Казакстанда 50 миң кишиге вакцина бир күндө сайылып жатат. Азыркы учурда жалпы 1,700 миллион киши вакцинациядан өттү. Өзбекистанда 1,250 миллион киши алды. Тажикистанда да 80 миң киши - биринчи кезекте тизме менен жалпы мамлекеттик органдардын кызматкерлерине сайылып жатат. Бизде болсо, ушунчалык аз киши вакцина алышты.
60 жаштан улуу муундун баары азыр вакцинадан өтүшү керек. Хронический оорукчал туугандарыбызды да үгүттөйлү. Жаштар жана ден-соолугу чын жердештер азыр вакцина өтө аз болуп турган чагында, муктаждардан талашуунун кереги жок. Улуу муун менен зайыптарга берели. Бирок маалыматты жеткизиңиздер, достор! Вирус былтыр жазында чыкканда, бир канча адам "бул оору калп" деп айтышкан, анан эле июл ь айында барыбыз кандай коркунучтуу оору экенин көрдүк. Вакцинанын эч кандай зыяны жок. Балээни күтпөстөн, ата-энебиздин баары сайдыртышсын!", - дейт Байсалов.
Булак: NazarNews.kg