www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мен пикиримди жазам, бирок түшүнгөндөр түшүнөт. Мурдунан алыс көрө албагандар сөгөт. Көрөсүңөр, Матраимовду камап 2млрд өндүргөнүбүз менен өлкө андан беш эсе чыгым тартат. Соода өлөт. "Дордой" токтойт. Көп адам жумушу жок калат. Мен аны жактабайм, бирок чындык ушундай. Эртең бирөө "Маладец, Бекжан!" десе да бар ары дейм. Себеби табиятымдан дүйнөкор адам эмесмин. Бажы - бул система. Биз тогуз жолдун томунда жайгашкандыктан кыргыз-кытай-орус-казак-өзбек багыттарын бириктирген өлкөбүз. Башында мен да "Азаттык" айтса ынанчумун. Азыр кошулбайм. Билесиңер да? Азаттык илгертен кимди жактап, кимди жамандайт. Бул тууралуу пикирин Бекжан Шыгаев жазып чыкты.
--Өлкөдө Матраимов сыяктуу байлар толтура. Неге аларды чукубайт? Жалгыз эле өлкөнү Матраимов тоноп кеткен жок да. Себеби, алар бүгүн өлкөдөн чыгып же көзү өтсө да кыргызга кереги жок ашка жүк-башка жүк байлар. «Азаттык» мага демек саат сайын пикет кылбайбы? Биз өлкөнүн, элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коюшубуз керек. Биз далдырап ээрчип кетпей коргоп калсак болмок. Эртең «дефолтко» түшүп, эл көчөгө чыкса «Азаттыктын» кылы да кыйшайбайт. Камап аткандарга гана күч келет. Тескерисинче, Бажы тармагын мыйзамдаштырып, Матраимовго берип иштетип пайдаланыш керек. Учурдан пайдаланып казактар азыр соода тармагын колго алып атат. Кеп Матраимовдо эмес, кеп чала ачыган камырдай болгон мыйзамда. Жалаң базаркомдор депутат болуп келип алып бүт өлтүрдү. Акимди айыл өкмөт тоготпойт, мугалимди окуучу сыйлабайт. Иши кылып каша эле болуп атат, "ашатаардан" мурун анализ кылгыла. Жөн эле бакыра берчү элек. Кезинде ар бир президентти жамандап куудук. Жылдар өттү жакшы адам болгон турбайбы деп акырындап моюнга алып келе жатабыз. Ошондой эле кеп да, дейт Бекжан Шыгаев.
Булак: NazarNews.kg