www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Илгери кыргызда Эрбол деген аксакалдын Алиман аттуу байбичеси жети уулу болот Жоокер заманында бөтөн эл бири-биринин жерлерине кол салып турган маалда душмандар кыргыз айылын каптап кирет.
Душмандар менен чабышып жатып балдардын атасы каза болот. Андан көп узабай кичүү уулу Шерболдун сөөгүн алып келишет. Алты баланын бирөө энесинин этегине келип чөгөлөй:
“Кагылайын апа, кечир мени, Шерболду өзүм чаап алдым, караңгыда душман экен деп жаңылып чаап алдым”-деп ыйлайт.
Айласы кеткен Алиман апа: “Атасын жат өлтүрсө баласын өз өлтүрсө, чогулткан балдарым кырылып бүтөт турбайбы”-деп кайгырып бутунун астында төшөлүп жаткан, өзү жаңы жасаган ак кийизди алып, бычак менен тилип туруп, балдарынын баштарына бекем ороп берген экен. Бири-бириңерди билип, караңгы болсо да тааныгыла деп жөнөтөт.
Ошондон кийинки кагылыштан алты бала аман эсен келет. Уулдары апасына алкыш айтып, шырылган ак кийиз бири бирин тааныганга эле эмес, бир туугандардын бириге калып душманды талкалаганга жардам бергенин айтышат.
Аларды көргөн башка кыргыз энелер, келиндер уулдарына, ага-инилерине ак кийизден баш кийим ороп беришет. Бара бара уз-чеберлер калпакты көркүн чыгара шөкөттөп алышкан. Ак калпак кийгенди кыргыз деп бил деген сөз ошондон калган экен. Бул уламыш санжырачы Сыргак Сооронкуловдун айтып бергенинен жазылды.
Урматтуу энелер, калпактын жаралышы тууралуу уламышты уул-кыздарыңарга айта жүргүлө: Калпак күнүңүздөр менен!
Сайпидин Султаналиев, журналист
Булак: NazarNews.kg