www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларус Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчөлүккө расмий түрдө арыз бергенин уюмдун баш катчысы Чжан Мин билдирди.
Кошумчалай кетсек, учурда Иранга уюмга мүчө статусун берүү процесси аяктап жатат.
Орус президентинин ШКУдагы атайын өкүлү июнь айынын ортосунда Беларус өлкөнү уюмга киргизүүнү тездетүү өтүнүчү менен ШКУнун жетекчилигине кайрылганын билдирген.
Беларус ШКУда байкоочу өлкө статусуна ээ. Уюмдун толук кандуу мүчөлөрү Иран, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан.
Булак: NazarNews.kg