www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын экс-президенти Дональд Трамптын биринчи жубайы Ивана Трамп (өз аты Зельничкова) 73 жашында каза болду. Бул тууралуу Трамптын үй-бүлөсү саясатчынын Truth социалдык тармагындагы баракчасына жарыялаган билдирүүсүндө айтылат.

ABC News билдиргендей, ал жүрөгү токтоп каза болгон. Анын үйүнө дарыгерлер жардамга келишкен, бирок аялды сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

«Ивана Трамп Нью-Йорктогу үйүндө көз жумду. Ал шыктандыруучу өмүр сүргөн кереметтүү, сулуу, укмуштуудай аял болчу», - деп айтылат үй-бүлөнүн билдирүүсүндө.

Ивана Трамп 1949-жылы 20-февралда Чехиянын түштүк-чыгышындагы Моравиянын тарыхый чөлкөмүндөгү Злинь шаарында туулган. Ал лыжа боюнча инструктор, модельер, курулуш бизнесинде долбоорлор менен иштеген жана бир нече китептерди жазган. Анын Дональд Трамп менен болгон никеси 1977-жылдан 1992-жылга чейин созулган. Алар үч балалуу болушкан: Кенже Дональд Трамп, Иванка Трамп, Эрик Трамп.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости