www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-июлда Бишкек шаарында «Дөө-Чыңгыз» каймана аттуу Чыңгыз Жумагулов кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ал УКМКнын абагына киргизилген. «Колго түшүрүү уюшкан кылмыштуу топ түзүү, ошондой эле ишкерден системалуу түрдө ири суммадагы акча талап кылуу фактысы боюнча жүргүзүлдү», - деп айтылат расмий маалыматта.

Ч.Жумагуловдон жабыр таркан жарандар атайын кызматка кайрыла алат. Байланыш номуру: 0 (312) 64-04-75. 8-июлда Чүй облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармоо иштери жүргүзүлгөнүн УКМК билдирген.

Ага чейин «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагуловду колго түшүрүү аракети учурунда тартылган видео социалдык түйүндөргө тараган болчу.

Окуя Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында 8-июлда саат 18:00 чамасында болгон. Анда Ч.Жумагулов качып кетүүгө үлгүргөнү айтылган.

Жумагулов 2020-жылдын июнунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин 1- бөлүмү («Бейбашчылык») менен күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылган болчу. 2021-жылдын июлунда жаза мөөнөтү аяктады деп бошотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости