www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустун Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын орун басары Андрей Богодел Минск өлкөгө басып кирген учурда тактикалык өзөктүк куралды (ТӨК) колдонушу мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу Интерфакс кабарлады.

Анын айтымында, тактикалык өзөктүк курал Беларустун аймагында “батыштык коңшулардын табитин” ооздуктоо үчүн пайда болот. Богоделдин ишениминде, өзөктүк куралды жайгаштыруу күчү жагынан Беларустун ресурстарына окшош топ түзүлсө, жооп кайтарууга мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле ал, ядролук курал эл бар пункттарга эмес, аскерлердин группировкаларына жана командалык пункттарга гана каршы  — агрессор өлкө башка өлкөнүн территориясына басып кирген учурда гана колдонула тургандыгын баса белгилешти.

Июль айынын башында Россия Федерациясынын Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Россиянын Беларустун аймагында тактикалык өзөктүк куралын жайгаштырышы өзөктүк куралды жайылтпоо келишимин бузбайт деп билдирген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости